Заголовок страницы

Congue iure curabitur incididunt consequat

Урматтуу ата-энелер жана балдар!

Биз сиздер менен кубанычтуу жаңылыкты бөлүшүүгө кубанычтабыз: биздин лагердин ачылышы сонун маанайда жана жогорку деңгээлде болуп өттү.
Иш-чара саат 11:00 башталып, Бишкек шаардык Борбордук китепканалар тармагынын директору Дандыбаева Күлсайра Джоошбаевна катышуучуларды жылуу тосуп алуудан башталды. Лагердин расмий ачылышы салтанаттуу тилек айтуулар менен коштолду. Биздин ардактуу коногубуз “Ак” жаш блогерлер тобу @ak_bloggerschool_kids балдарга кызыктуу ыр, бийлерин тартуулашты, жетекчилерибиз лагердин мааниси жана максаттары тууралуу сүйлөп беришти. Балдарга кызыктуу оюндар ойнотулуп, балмуздак таратылды.

Ачылыш күнү унутулгус таасирлер менен өтүп,балдар лагердеги күндөрдү чыдамсыздык менен күтүп жатышат. Бардык катышуучуларга жана уюштуруучуларга чоң рахмат!
Келип, жайдын сонун күндөрүн биз менен бирге өткөрүңүз!

Похожие статьи