Заголовок страницы

Congue iure curabitur incididunt consequat

21-февраль — Эл аралык эне тил күнү

Бишкек шаарынын Төлөгөн Касымбеков атындагы борбордук китепканасында Эл аралык эне тил күнүнө арналган “Эне тилим — байлыгым” аттуу адабий кече болуп өттү.
Кечени кириш сөз сүйлөө менен ачкан Бишкек шаарынын борборлоштурулган китепканалар тармагынын директору, КРдин маданиятына эмгек сиңирген ишмер Күлсайра Дандыбаева эне тилдин маани-маңызына кеңири токтолуп, окурмандарды кечеге келишкен меймандар менен тааныштырды. Андан кийин эл аралың “Рух-Бейне” чыгармачыл академиясынын вице-президенти, КР Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, акын жана тележурналист Сталбек Абдраев эл аралык эне тил майрамына арналган чакан доклад жасап, “Ак тал” адабий бирикмесинин мүчөлөрүн жана окурмандарды эне тил майрамы менен куттуктады.
Салтанаттуу адабий кеченин жүрүшүндө КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасынын орун басары, акын Атантай Акбаров, балдар акыны, КРдин маданиятына эмгек сиңирген ишмер Ысмайыл Кадыров, республикалык “Кыргыз тил” коомунун президенти Раимжан Курбанов, Кыргыз эл акыны Жедигер Саалаев, акын Догдурбек Юсупов чыгып сүйлөшүп, эне тилге арналган ырларынан окуп беришти.
Көрөрмандар “Ак тал” адабий бирикмесинин мүчөлөрү аткарышкан обондуу ырларга кызуу кол чабышып, ыраазычылыктарын билдиришти.

✍️ БШБКТнын басма сөз кызматы.

Похожие статьи