Заголовок страницы

Congue iure curabitur incididunt consequat

Достукта биздин күчүбүз

Бүгүн Бишкек шаардык борборлоштурулган китепканалар тармагынын #17 китепканасына венгер элинин атактуу акыны Шандор Петефинин ысымынын ыйгарылышына арналган салтанаттуу иш чара болуп өттү.
Меймандар улуттук даамдан ооз тийишип, китепканага киргенден кийин достук кечеси башталды. Бишкек шаарынын мэринин биринчи орун басары Мирланбек Байгончоков алгач сөз алып, Кыргыз Республикасы менен Венгриянын ортосундагы экономикалык, социалдык жана маданий байланыштардын өнүгүшүнө токтолуп, бүгүнкү маданий иш чара анын күбөсү экендигин билдирди. Венгриянын Кыргыз Республикасындагы толук ыйгарым укуктуу элчиси Дороги Шандор венгер элинин атактуу акыны Шандор Петефинин өмүрү жана чыгармачылыгы жөнүндө кыскача баяндап, анын ысымы ыйгарылган китепкананын ишине ийгиликтерди каалай тургандыгын билдирди.
Бөлмөдө ыйык поэзия саптары жаңырып, акын жана котормочу Толук-Бек Байзак Шандор Петефинин азаттыкты жана махабатты даңазалаган ырларынын кыргызча котормосун көркөм окуп берди. Андан кийин Бишкек шаардык борборлоштурулган китепканалар тармагынын эл аралык байланыштары боюнча баяндама жасалып, китепканачылардын аткаруусунда атактуу венгер акынынын орус жана кыргыз тилдерине которулган ырлары жаңырды.

✍️ БШБКТнын басма сөз кызматы.

Похожие статьи