Бишкек шаарынын Төлөгөн Касымбеков атындагы борбордук китепканасында мына ушундай темада адабий-музыкалуу кече болуп өттү.
Кечени Бишкек шаарынын борборлоштурулган китепканалар тармагынын директору, КРдин маданиятына эмгек сиңирген ишмер Күлсайра Дандыбаева кириш сөз менен ачып, Алыкул акындын чыгармачылыгынын урунттуу учурларына токтолуп өттү.
Адабий кеченин меймандары: Кыргыз эл акыны, КР Улуттук жазуучулар союзунун Алыкул атындагы адабий сыйлыгын ыйгаруу комиссиясынын төрагасы Жедигер Саалаев, алыкултаануучу, Алыкул Осмонов атындагы сыйлыктын лауреаты Памирбек Казыбаев, Алыкул таануу илимий борборунун директору Замирбек Асаналиев, акын, КР Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү Анара Байчукуева акындын чыгармаларына саресеп салышып, Алыкулга арналган ырларынан окуп беришти.
Кеченин жүрүшүндө Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайынын жаш өнөрпоздору акындын сөзүнө жазылган обондуу ырларды ырдашып, көрүүчүлөрдү ыраазы кылышты.
✍️ БШБКТнын басма сөз кызматы.