Заголовок страницы

Congue iure curabitur incididunt consequat

НАРКТУУЛУК — АДАМДЫК БААЛУУ КАСИЕТ

НАРКТУУЛУК — АДАМДЫК БААЛУУ КАСИЕТ

Алыкул Осмонов атындагы Бишкек шаардык #9 китепканада “Улуттук нарктуулукту сактоо” деген аталышта адабий-музыкалуу кече өткөрүлдү. Ага Свердлов районуна караштуу бардык китепканалардын китепканачылары катышты.
Нарк-насилди сактоо жана өнүктүрүү жөнүндө ырлар окулуп, эне тилибиздин өнүгүшүнө болгон тоскоолдуктарды жоюу жана кайдыгер мамиле жасабоо тууралуу драмалык оюн көрсөтүлүп, кеченин жүрүшүндө обондуу ырлар обого оболоп турду. Кечеге чакырылган жаш акындар Нуржамал Кулунбаева, Жуса Касиетов, Керез Жонукова эне тилибизге арналган ырларын көркөм окуп беришти.
Иш чаранын акырында Бишкек шаардык борборлоштурулган китепканалар тармагынын директору, КРдин маданиятына эмгек сиңирген ишмер Күлсайра Дандыбаева, Алыкул таануу илимий борборунун директору Замирбек Асаналиев, акын, филология илимдеринин кандидаты Бакытжан Мырзатаева, акын, КРдин маданиятына эмгек сиңирген ишмер Догдурбек Юсупов адабий кеченин өтүшү тууралуу өз ойлорун ортого салышты.
Кийинки кечени өткөрүү эстафетасы Бишкек шаарынын Ленин районунун китепканачыларына берилди.

✍️ Төлөгөн Касымбеков атындагы БШБКТнын басма сөз кызматы.

Похожие статьи