Заголовок страницы

Congue iure curabitur incididunt consequat

Китеп күнүнө арналган кызыктуу кечени Бишкек шаардык №9-музыкалык мектебинин өнөрпоз мугалимдери менен окуучулары коштоп турушту

Бишкек шаардык борборлоштурулган китепканалар тармагынын башкы кеңсесине кире бериштеги аянтча маймардагыдай жасалгаланып, түркүн түстөгү кагаздан жасалган гүлдөр менен шарлар сыдырым соккон желге акырын жай ыргалат. Музыка ойнолуп, иш чарага чакырылган меймандар, мектеп окуучулары орун алышкандан кийин алып баруучулар китепканачыларды жана келген меймандарды Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнү менен куттукташып, майрамдык иш чараны ачып берүү үчүн алгачкы сөздү Бишкек шаардык борборлоштурулган китепканалар тармагынын директору, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Күлсайра Жоошбаевна Дандыбаевага узатышты. Ал чогулгандарды китеп майрамы менен куттуктап, бул датанын белгиленүү тарыхына кыскача токтолуп, жаштарды эс алуу мезгилинде китеп окууга чакырып кетти.КР Жогорку Кеңешинин депутаты, "Ыйман нуру" парламенттик фракциясынын лидери Нуржигит Кадырбековдун кеңешчиси Аскарбек Бактыбекович Күрүчбеков китепканачылар менен китеп сүйүүчүлөрдү китеп майрамы менен куттуктап, коомубузда жаштарды тарбиялоодо китептин ойногон ролуна токтолуп кетти.

Андан соң меймандарга кезек берилди. Белгилүү окумуштуу Сулайман Кайыпов, КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасынын орун басары, акын Керимбек Кадыракунов, Кыргыз эл акыны Кожогелди Култегин, окумуштуу Аттокур Жапанов, филология илимдеринин кандидаты Бакыт Мырзатаева китеп окуунун адам баласы үчүн пайдалуулугуна жана артыкчылыктарына кеңири токтолушуп, окурмандарды китепкөйлөрдөн болууга үндөп кетишти.

Китеп күнүнө арналган кызыктуу кечени Бишкек шаардык №9-музыкалык мектебинин өнөрпоз мугалимдери менен окуучулары коштоп турушту. Адабий-музыкалуу кеченин соңунда улуттук маданияттын өнүгүшүнө жана калк арасында китеп окууну үгүт-насаттоого активдүү катышкандар Ыраазычылык каттары менен сыйланышты.

 

Похожие статьи