Заголовок страницы

Congue iure curabitur incididunt consequat

Бишкек шаардык борбордук китепканасында 7-апрель - Элдик революция күнүнө арналган эскерүү иш чарасы өткөрүлдү.

Бишкек шаардык борбордук китепканасында 7-апрель - Элдик революция күнүнө арналган эскерүү иш чарасы өткөрүлдү.
  Элдик революция учурунда жаштардын жасаган эрдиктери тууралуу документалдуу киноочерк көрсөтүлүп, Апрель революциясынын баатыры Асан Сыдыгалиев ошол күнү борбордук аянтта болуп өткөн кайгылуу окуяларды эскерди. "Мындан нары бул сыяктуу каргашалуу окуялар кайталанбасын, - деди ал жаштарга кайрылып, - Эгерим жергебизде ок атылбасын. Өлкөбүздө тынчтык гана өкүм сүрүп, элибиз бейпил жашоо өткөрсүн. Калкыбыз бардарчылыкта жашап, экономикабыз өнүгө берсин".
  Эскерүү кечесинин жүрүшүндө китепкана кызматкерлери, чакырылган студенттер менен жогорку класстын окуучулары жаштардын эрдиктерин эскеришип, Апрель баатырларынын элестерине таазим этишти.

Похожие статьи