Заголовок страницы

Congue iure curabitur incididunt consequat

Баланын китеп окуусун кантип калыптандыруу керек?

Баланын китеп окуусун кантип калыптандыруу керек?
1. Балдарды тарбиялоодон мурун өзүңүздү тарбиялаңыз. Китеп окууну адат кылыңыз. Сизди көргөн балаңыз сөзсүз түрдө сизден үлгү алат. Үйүңүзгө көлөмү чакан, кызыктуу, түшүнүктүү китепчелерди, журналдарды алып коюңуз.
2. Китептердин катарында түшүндүрмө сөздүк дагы болсун. Китептеги түшүнбөгөн сөздөрүн, фразаларын убагында түшүндүрүп бериңиз. Сөздүктөрдүн түрлөрү сөз байлыгынын өсүшүнө жардам берет.
3. Табышмак, баш катырмаларды дагы чогуу окуп, жандырмагын тапканга аракет кылыңыздар. Бул ыкмадан соң балаңыздын ой жүгүртүүсү жакшы деңгээлде калыптана баштайт.
4. Эгер китептен окуган каармандар тууралуу кинофильмдер болсо, китепти окуп бүткөн соң, чогуу отуруп алып киносун же мультфильмин көрүп, талкууга алыңыздар. Дүйнө таанымынын өсүшүнө жардам берет.
5. Атайын балаңыз үчүн үйдүн ичинен жарыгы жакшы тийген жерден китеп окуганына орундук даярдап бериңиз. Бул нерсе менен физиологиялык өсүшүнө дагы кам көргөн болосуз. Себеби түз, туура отуруп окуганда сөөктөрү дагы ошого жараша өсөт.
6. Бош убактыңызда балаңызды ээрчитип алып китепканаларга же китеп дүкөндөргө барып туруңуз. Жаңы китептер менен кабардар болгонуңуз өзүңүзгө дагы, балаңызга дагы жакшы.
7. "Бул китеп эмне жөнүндө экен?", "Башкы каармандары кимдер?", "Окуянын аягы кандай бүтөт деп ойлойсуң?", "Досторуңа сунуштайсыңбы?", "Китеп жактыбы, эмне үчүн?" деген суроолорду ар бир китеп окуп бүткөн сайын байма - бай берип туруңуз. Эске тутуу жөндөмүнүн жакшыруусуна таасир берет. Бул адатты өзүңүзгө дагы калыптандырып алсаңыз болот.
А сиз балаңыз менен чогуу китеп окуйсузбу?
Китептерди кайдан алып бересиз?
Пикир калтыра кетиңиз

Похожие статьи