Заголовок страницы

Congue iure curabitur incididunt consequat

Бүгүн китепканабыздын төрүндө кадырман окурманыбыз Осмонова Бермет Асаналиевна конокто болду

"Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга колдоо көрсөтүү" социалдык программасынын алкагында К.Тыныстанов атындагы китепканада "Биздин ардактуу окурман" аталышындагы көңүл бөлүү акциясы өтүүдө.Бүгүн китепканабыздын төрүндө кадырман окурманыбыз Осмонова Бермет Асаналиевна конокто болду. Китепкананын эмгек жамааты жана окурмандар Бермет Аманалиевнаны кызуу куттукташты. Бермет апа жан дүйнөсүн байытып китепти көп окуган, жайдары мүнөзү, жароокерлиги менен элге жаккан адам. Мээримдүү чоң эне, таяне болуп балдарынын төрүндө.

Чыгармачылык менен алектенип ыр жазып, курак курап зерикпейт. Бүгүн өзүнүнө курбалдаш окурмандарыбыз менен чер жазып маектешип, китепкананын жаш окурмандары менен жолугушуп, акыл- насаатын айтып, сый- урматка бөлөндү.

Бар болуңуз Бермет апа, узак өмүр сүрүңүз!!!

Похожие статьи