Заголовок страницы

Congue iure curabitur incididunt consequat

АТАМБАЕВДИН КЫРГЫЗ ЭЛИНЕ КЫЛГАН АК ЭМГЕКТЕРИ

Алмазбек Атамбаев 2011 жылы премьер-министр, 2012-2017 жылдары президент болуп турган. Ошол кездердеги Кыргызстандын көрүнүктүү жетишкендиктерин атап кетүүнү чечтим, негизсиз каралоолорго альтернатива катары:

1. Кыргызстандын энергосистемасы көз карандысыздыкка жана туруктуулукка ээ болду ("Датка-Кемин", Бишкек ЖЭБинин жаңы бөлүгү,электр кубатынын өсүшү жана электр тармактарынын чыңдалуусу ж.б).

2021-2022-ж. Токтогулда суу жок болгондугуна карабастан кыштан жеңил чаккандыгыбыз буга мисал.

2. Атамбаевдин убагында Кыргызстан Жетим-Тоону өзүнө кайтарып алган. Жетим-Тоо Бакиевдердин мезгилинде чет элдик компанияга бекер эле берилип кеткен эле.

Жыйынтыгында Кыргызстан Дүйнөдөгү эң чоң темир кендеририн бирин өз алдынча иштетүү мүмкүнчүлүгүн алган.

3. 2014-2017 жылдары Бишкек ЖЭБинин иштен чыккан казан агрегаттарынын ордуна чындыгында ЖЭБдин жарымы жаңы курулган. Жаңы ЖЭБдин кубаттуулугу 300 мВт электр жана 300 Гкал жылуулукка көбөйгөн.

Дал ушул иш аракет, өткөн кыштан оңой чыгууга жардам берди.

4. Бул 7 жылда Кыргызстанда 308 жаңы мектеп, 300 бала бакчалар курулду. Ал эми Акаев менен Бакиев башкарган 19 жылда болгону 250 мектеп салынган, ондогон, жүздөгөн бала-бакчалар менчиктеширилип, приватизация болуп кеткен.

5. Атамбаевдин мезгилинде 1180 км жол салынып жана капиталдык ремонттолгон. Ал эми Акаев менен Бакиевдин 15 жылында болгону 1050 км.

6. 2017 жылдын июнь айында Кыргызстан биринчилерден болуп санаритештирүүнү жыйынтыктаган. Ал эми Орусия толуу менен санариптик телеберүүгө толугу менен 2019 жылы өткөн, Казакстан 2021 жылы, Өзбекстан 2019 жылы, ал эми Такжикстан дагы деле толугу менен санариптик телекөрсөтүүгө өтө элек.

7. Атамбаевдин мезгилинде Кыргызстан дүйнөлүк бренддин жаратуучусу болду. Көчмөндөр оюндарын ойлоп таап жана эң мыкты денгээлде өткөрдү.

Бул уникалдуу проект Кыргызстандын сыймыгы болду.

8. 2015 жылы Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду иштей баштады, ал фондко Орусия 500 миллион АКШ долларын салды.

Азыр Садыр Жапаровдун убагында дагы, дээрлик бардык чоң инвестициялык проектилер ошол фонддон каржыланууда.

9. Атамбаевдин убагында Кыргызстан газ проблемаларынан арылды. Мурунку Кыргызгаздын жабдыктары эскирген жана 53 миллион доллар карызы бар эле.

Бул көйгөйлөрдүн баардыгын Газпромго өткөрүп берүү менен Кыргызстан 400 миллион доллардан ашуун инвестицияга ээ болгон.

10. 1916 жылы болуп өткөн окуяларга байланыштуу тарыхый адилеттүүлүктү орнотуу боюнча алгылыктуу иштер 2015 - 2016 жылдары жасалган эле.

Улуттук боштондук күрөшү жана Үркүн окуяларынын 100 жылдыгына арналган чоң деңгээлдеги иш чараны өткөргөн Орто Азиядагы жалгыз мамлекет Кыргызстан болгон. Ошол иш чаралардын бирине Орусиянын президенти Владимир Путин дагы катышып, курман болгондорго урмат көрсөткөн. Мындай жол менен, 100 жылдан бери айтылбай келген эки мамлекеттин ортосундагы көйгөй толугу менен чечилген.

11. 2015-жылы аймакта биринчилерден болуп Кыргызстан ачык айкын шайлоо системасын киргизген.

12. Атамбаевдин тушунда коңшу мамлекеттер чек ара конфликттерине барчу эмес.

Өзбекстан менен болгон чек ара суроолору 90 пайызга чечилген.

Тажикстан менен байланышкан маселелерди чечүү үчүн чоң иштер жасалган, транспорт, чек ара жана башка инфраструктураны армиянын колдоосу менен өнүктүрүү.

13. Кыргызстандык эмгек мигранттар Орусияда көптөгөн жеңилдиктерге жана колдоого ээ болушкан.

14. Ал жылдары Кыргызстанга эл аралык коомчулук ишеним көрсөткөн, ошонун негизинде 2011-2017 жылдары сырттан келген кайтаруусуз жардам 3 миллиард долларга жетип, тарыхта биринчи жолу кредиттердин суммасынан ашкан.

15. 7 жыл ичиндеги капиталдык куруулардын көлөмү ага чейинки 20 жыл ичиндеги курууларды ашып түшкөн.

Бир катар чоң объектилер курулган, анын ичинде Ош шаарындагы Ак-Буура дарыясындагы көпүрө.

Дал ошол жылдары Кыргызстанда заманбап медициналык мекемелер пайда болгон, (Бишкектеги кыргыз-түрк достук клиникасы жана Оштогу Кытайдын гранттык клиникасы). Балдар ооруканасын жана жаңы кургак учук ооруканасын куруу үчүн Германиянын өкмөтү менен келишимдерге кол коюлган.

2012-2017 жылдар аралыгында калктын жакырчылыгынын көрсөткүчү 39%дан 25% пайызга чейин түшкөн.

Бул Атамбаевдин мезгилиндеги жетишкендиктердин чети гана. Тизмени дагы да улантса болот. Ал эми экс-президентти сындагандар Атамбаевге караганда көбүрөөк иш жасаган башка президентти көрсөтө алышаарына көзүм жетпейт".

Фарид Ниязов

КР президентинин

экс-Аппарат жетекчиси,

саясий туткун

Похожие статьи