Заголовок страницы

Congue iure curabitur incididunt consequat

АЛЫКУЛ — 110

Кыргызда: “Көргөн да арманда, көрбөгөн да арманда,”— деген накыл кеп бар эмеспи. Бул жолу, Бишкек шаарынын #16-китепканасында ушундай темада өткөрүлгөн поэзия кечесинде дал ушундай эле болду.
Адеп бул ыйык жайга баш баккан адамдын көңүлү дароо эле улуу акындын өмүрүнө жана чыгармачылыгына арналган сүрөт көргөзмөсүнө бурулаары бышык. Көргөзмөнүн этегине акындын ар кайсы жылдарда жарык көргөн китептери ирээти менен коюлган. Окурмандар сүрөт көргөзмөсү менен таанышып чыгышкан соң улуу акынга арналган видеотасма көрсөтүлдү.
Поэзия кечесин китепкананын башчысы Гүлзат Ногоева кириш сөз менен ачып, акындын ырларынан көркөм окуп берди. Кезек меймандарга берилди. Акын, прозаик, КР Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү Күлташыр Шерипбаев, акын, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, алыкултаануучу Догдурбек Юсупов акындын чыгармачылыгынын өзгөчөлүктөрү жана жеке турмушундагы кээ бир жагдайлар тууралуу кеп кылышып, акынга арналган ырларынан окуп беришти. Ал эми М. Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык илимий-изилдөө университетине караштуу Экономика жана сервис колледжинин окутуучусу Мактым Акматбекова адегенде Алыкул Осмоновдун сөзүнө жазылган “Саанчы жеңе” аттуу обондуу ырын обого оболотуп үн созуп, анан акындын “Май түнү” поэмасын адабий тил менен чечмелеп берди. Ушул эле окуу жайдын окутуучусу Токтогүл Рахматова акындын чыгармаларын сабакта окутуунун ыкмаларына токтолуп өттү.
Поэзия кечесинин жүрүшүндө жаш акын Нурболот Өзүбеков Алыкул Осмоновдун “Жеңишбек” поэмасынан үзүндү окуса, колледждин студенттери акындын ырларын кыргыз, орус, түрк, англис тилдеринде жатка айтып беришти.
Залда жагымдуу музыка жаңырып, Кыргыз-Түрк Манас университетинин консерваториясынын студенти Салымбек Сайбилов акындын сөзүнө жазылган “Ата Журт”, “Табигат жана музыка”, ал эми КЭУнун колледжинин студенти Барсбек Абдыбеков “Сулууга” аттуу ырларды жогорку чеберчиликте аткарып беришти.
Макаланын башында: “Көргөн да арманда, көрбөгөн да арманда,”— дегенибиз мына ушул.

✍️ БШБКТнын басма сөз кызматы.

Похожие статьи