Заголовок страницы

Congue iure curabitur incididunt consequat

1-июнь - Балдарды коргоонун эл аралык күнү

1-июнь - Балдарды коргоонун эл аралык күнү
БАЛДАЙ ТАТТУУ БАЛАЛЫК
Бишкек шаардык борбордук китепкананын кире бериш жери майрамдагыдай кооз жасалгаланган. Алыстан эле "Алтын балалык" деген жазуу көзгө чалдыгат. Бөбөктөрдүн шаңдуу күлкүлөрү теребелди жаңыртат. Ардактуу меймандар менен айжаркын бөбөктөр орун алышкандан кийин майрамга арналган азем салтанаттуу түрдө ачылып, Бишкек шаардык борборлоштурулган китепкана тармагынын директору, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Дандыбаева Күлсайра ДЖоошбаевна чогулгандарды алтын балалыктын майрамы менен куттуктады. Ага удаа сөз алган Кыргыз Өкмөтүнүн "Жеткинчек" гезитинин башкы редактору, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын, жазуучу, котормочу Абибила Пазылов бөбөктөрдү майрамы менен куттуктап, гезиттин жаңы санын жана өзүнүн автордук китептерин китепканага белекке тапшырды.
Балдар акыны Назгүл Маймылова кичинекейлерге арналган ырларын көркөм окуп берип, балдардын кол чабууларына арзыды. Теребелге ыр-күү жаңырып, жаш таланаттар өз өнөрлөрүн тартуулашып, ата-энелердин ыраазычылыгына татышты. Бүгүнкү биздин маданий иш чараларыбызга активдүү катышып, балдардын ар тараптуу өнүгүүсүнө чоң салып кошуп келген А.Осмонов атындагы #68 мектеп-гимназиясынын директору Омурова Канымжан Жусупбековна жана анын жалпы жааматына терең ыраазычылык билдиребиз!
Иш чаранын жүрүшүндө мекеменин администрациясы тарабынан бөбөктөргө балмуздак жана китептер таратылды.

Похожие статьи