Заголовок страницы

Congue iure curabitur incididunt consequat

Китептен алган маалыматты кантип мээде жакшы сактай алабыз?

Китептен алган маалыматты кантип мээде жакшы сактай алабыз?

Туура китеп

Окурман өзүнүн жашына, кызыгышына, кесибине жараша туура китеп тандоосу керек. Эгер туура эмес китеп тандап алса, китепке болгон кызыгуусу кетип, кийинки китептерди окугусу келбей калышы мүмкүн.

Тынч жер

Тынч, аны алагды кылбай турган жерде окуса, дитин жана көңүлүн баарын китептеги окуяга бөлүү жеңил болот.

Убакыт

Көбүнчө жаңы уйкудан ойгонуп, таң атканда китеп окуу натыйжалуураак. Анткени ошол учурда мээ сергип, бош болуп, маалымат алганга даяр болот.

Жазуу

Китептен алган учкул сөздөрдү, керектүү маалыматтарды, жаңы идеяларды сөзсүз кагаз бетине түшүрүү керек.

Айтуу

Китеп тууралуу ой-пикирибизди бирөөгө айтып беришибиз же күндөлүккө жазышыбыз керек. Бул да маалыматтын мээде жакшы сакталышына жардам берет.

Похожие статьи