Заголовок страницы

Congue iure curabitur incididunt consequat

Какен Алмазбековдун 90 жылдыгына арналган поэзия кечеси

Бүгүн,24-июлда, Бишкек шаардык Борбордук китепканада акын Какен Алмазбековдун 90 жылдыгына арналган поэзия кечеси болуп өттү.
Кеченин ачылышында БШБКТнын директору, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмери Дандыбаева Күлсайра Джоошбаевна акындын өмүр баянына жана чыгармачылыгына кенен-кесири токтолу кетти.
Акындар, КР Улуттук жазуучулар союзунун мүчөлөрү Клара Ниязова, Муратбек Рысбеков, балдар жазуучусу Жылдыз Акаева, акын, Алыкул fest Арт фестивалынын лауреаты Бурул Догдурбекова акын тууралуу эскеришип, Какен Алмазбековго арналган ырларынан көркөм окуп беришти.
Кеченин атайын коноктору, “Поэзия ордосу” адабий- көркөм коомдук бирикмесинин мүчөлөрү поэзия сүйүүчүлөрүнө улуу акындын чыгармаларын окуп, китептерин белекке беришти.
Кечеге белгилүү акындар, Какен Алмазбековдун жакындары дагы катышышып, иш чаранын жүрүшүн ырчы жана обончу Набиля Абдылдаева, Кара-Балта шаарындагы “Даткайым” тобунун өнөрпоздору Күлбара Бейшенбаева, Индира Алыбаева жагымдуу обондуу ырлар менен коштоп турушту.
Мындай кечелер биздин коомчулукту бириктирип, улуттук маданиятты жана адабиятты колдоо максатында уюштурулат. Баардык катышуучуларга ыраазычылык билдиребиз жана келечекте дагы көптөгөн чыгармачыл жолугуушуларды күтүп жатабыз✨

БШБКТнын басма сөз кызматы.

Похожие статьи