Заголовок страницы

Congue iure curabitur incididunt consequat

“Элдердин достугу” фестивалы

Бүгүн Бишкек шаарынын Төлөгөн Касымбеков атындагы борбордук китепканасында “Элдердин достугу” фестивалы ийгиликтүү болуп өттү. Иш чаранын башталышында борборлоштурулган китепканалар тармагынын директору, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери Дандыбаева Күлсайра меймандарды жылуу тосуп алып, китепкананын иштери менен тааныштырып өттү. Андан соң КМУнун, КРСУнун жана Б. Бейшеналиева атындагы КММИУнин студенттери ар кайсы улуттун маданияты, каада салттары менен тааныштырышты.

Фестиваль учурунда улуттук бийлер, чет элдик ырлар аткарылып, чай ичүү каадасы көрсөтүлдү. Ошондой эле китепкана кызматташып келген ал аралык “КОЙКА” @koica.kg уюму өздөрү алып келген белектерин тапшырышты. Бул маданий жолугушуу ар улуттагы элдердин достугун, биримдигин жана өз ара түшүнүшүүсүн чыңдаган өзгөчө иш-чара болду.

Похожие статьи