Бишкек шаардык борбордук китепканасынын чет тилдер адабияты бөлүмүндө "Бир жумага - бир китеп" долбоору уланууда. Бул жолу атактуу жазуучу Китами Масаонун "Кылычсыз самурай" китепбине талкуу жүргүзүлдү.
	Талкууга клубдун активдүү катышуучулары - Кыргыз Эл аралык университетинин студенттери катышышты.
	"Кылычсыз самурай" китеби лидердик сапатка ээ болууну үйрөткөн, азыркы учурда өзүнүн актуалдуулугун жоготпой келген китептердин бири болуп саналат
	
                            
	
        
        
        
        
        
        
        
        
        
        
        
        
        