Заголовок страницы

Congue iure curabitur incididunt consequat

Бишкек шаардык борбордук китепканага Төлөгөн Касымбековдун ысымы ыйгарылды

Бишкек шаардык борбордук китепканада Мамлекеттик тил күнүнүн 35 жылдыгына жана “Сынган кылыч–кылымдын китеби” деген темада Кыргыз эл жазуучусу Төлөгөн Касымбековдун чыгармачылыгына арналган адабий кече болуп өттү. Бул кечени өткөрүүгө Мамлекеттик тилдин кабыл алынышы жана Бишкек шаардык борбордук китепканага даңазалуу жазуучунун ысымынын ыйгарылышы себеп болду.

Иш чарага Бишкек шаардык мэриясынын маданият башкармасынын начальнигинин орун басары Апсамат Акунов, борборлоштурулган китепканалар тармагынын директору Күлсайра Дандыбаева жана ардактуу меймандар катышышты. Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев жазуучу менен жолугушкан учурлары жана анын тарыхый чыгармаларды жазууга болгон ыкмасы тууралуу баяндап берди. Кыргыз эл акыны Тынчтыкбек Нурмамбетов белгилүү жазуучу жөнүндө эскерип, ага арналган ырларынан окуп берди. Кыргыз эл акыны Кожогелди Култегин болсо Т. Касымбековдун кыргыз маданиятына тийгизген өзгөчө таасири жөнүндө ой-пикири менен бөлүштү.
Адабий кеченин жүрүшүндө Т. Касымбековдун өмүрү жана чыгармачылыгы жөнүндө кыска метраждуу фильм көрсөтүлүп, меймандар жазуучунун китептер дүйнөсүндөгү окуяларына аралашып кетишти. Жазуучунун уулу Расул Касымбеков өзүнүн атасы жөнүндө көптөгөн эскерүүлөр менен тең бөлүштү.

Бишкек шаардык борбордук китепканага Төлөгөн Касымбековдун ысымынын ыйгарылышына арналган бул адабий кече чыгармалары муундан-муунга таберик катары өтүп келаткан даңазалуу жазуучунун элесин эскерүүнүн маанилүү учурунан болуп калды.

Төлөгөн Касымбеков атындагы БШБКТнын басма сөз кызматы.

Похожие статьи