Бүгүн Бишкек шаардык борбордук китепканада Улгайган адамдардын күнү салтанаттуу белгиленди. Иш чарага шаардагы бардык 28 китепкананын улуу муундагы китепканачылары катышты.
Бишкек шаардык борборлоштурулган китепканалар тармагынын директору Күлсайра Дандыбаева кечени кириш сөз менен ачып, отургандарды кирип келген майрам менен куттуктады. БШБКТнын кесиптик бирлигинин төрайымы Жаңыл Мускаева да китепканачыларды чын жүрөктөн куттуктап, сүйүктүү иштерине ийгиликтерди каалаганын билдирди.
Майрамга шаң кошуп, ободо жагымдуу обондуу ырлар жаңырып, Мураталы Күрөңкеев атындагы Улуттук музыкалык окуу жайдын өнөрпоз студенттери
аткарган элдик ырларга китепканачылар алакандары ысыганча кол чабышты. Китепканачы кыз-келиндер аткарган сатиралык интермедиялар көрүүчүлөрдүн купулуна толуп, залда күлкү жаңырып турду.
Кызыктуу кеченин соңунда катышуучуларга белек-бечкектер таратылды.
✍️ БШБКТнын басма сөз кызматы.