Заголовок страницы

Congue iure curabitur incididunt consequat

"Ант. Ажонун арылбас арманы" китеби боюнча талкуу болуп өттү.

Бишкек шаардык борборлоштурулган китепкана тармагынын чет тилдер адабияты бөлүмүндө "Бир жумага - бир китеп" долбоорунун алкагында Нуржигит Кадырбековдун "Ант. Ажонун арылбас арманы" китеби боюнча талкуу болуп өттү.

Иш чарага Кыргызстан эл аралык университетинин студенттери катышышып, ата-эненин тарбиясы, ыйман, сүйүү, байлык, бийлик, Кудайга болгон ишеним тууралуу өздөрүнүн ойлорун ортого салышып, бул китептин башкалардан өзгөчөлүп тургандыгын баса белгилешти.

Чыгармада өмүрүндөгү бардык максаттарына жетсе да, бир арманы жанына жай бербей санаада эзилген мамлекет башчысы - президенттин баштан кечирген тагдыр-таржымалы чеберчилик менен сүрөттөлгөн.

 

Похожие статьи