Заголовок страницы

Congue iure curabitur incididunt consequat

ААЛАМ АЛПЫ АЙТМАТОВ

Бишкек шаарынын Төлөгөн Касымбеков атындагы борбордук китепканасында Кыргыз эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнүн урматына «Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларында аялзатынын бейнеси» аттуу адабий-музыкалуу кече өткөрүлдү.
Бишкек шаардык борборлоштурулган китепканалар тармагынын директору, КРдин маданиятына эмгек сиңирген ишмер Күлсайра Дандыбаева кечени кириш сөз менен ачып, аялдардын образын жаратуудагы жазуучунун чеберчилиги тууралуу кыскача баяндап берди. Жазуучу, Чыңгыз Айтматов атындагы жаштар сыйлыгынын лауреаты Орозалы Кожомкулов, акын, жазуучу, "Даткайым","Уркуя", "Алтын Калем" "Данакер",
сыйлыктарынын ээси Дилдара Буларкиева, Жусуп Баласагын атындагы КУУнун ага окутуучусу Сайкал Эсеналиева ааламдык жазуучунун аялзатынын бейнесин ачып берүүдөгү өзгөчөлүктөрүнө кенен-кесири токтолушуп, залда отурган студенттерди Айтматовдун чыгармаларын окууга, дегинкиси жаштарды китеп менен дос болууга үндөп кетишти.
Кеченин жүрүшүндө Айтматовдун повесттеринен театрлаштырылган үзүндүлөр көрсөтүлүп, жагымдуу обондуу ырлар обого оболоду.

БШБКТнын басма сөз кызматы.

Похожие статьи