Заголовок страницы

Congue iure curabitur incididunt consequat

Ыр кече

Бишкек шаарынын Төлөгөн Касымбеков атындагы борбордук китепканасында Кыргыз эл акыны Кожогелди Култегиндин ушундай темада поэзия кечеси өткөрүлдү.
Акындын өмүр жолуна жана чыгармачылыгына арналган видеофильм көрсөтүлгөн кийин Бишкек шаарынын борборлоштурулган китепканалар тармагынын директору, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Күлсайра Дандыбаева кечени ачып, келген меймандар менен тааныштырды.
Акын, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Алыкул сыйлыгынын лауреаты Бурулкан Сарыкулова, акын, филология илимдеринин доктору Аида Эгембердиева, Кыргыз эл акыны Жедигер Саалай, Алыкул Осмоновдун Бишкектеги үй-музейинин директору Замирбек Асаналиев, Панфилов районундагы Каптал-Арык айылындагы Алыкулдун мемориалдык музей комплексинин директору Нурдин Жумалиев чыгып сүйлөшүп, Кожогелди Култегиндин поэзиясындагы жаңылыктарына жана артыкчылыктарына кеңири токтолушту.
Поэзия кечесинин жүрүшүндө Кыргыз эл артисти Сыймык Бейшекеев акындын сөзүнө жазылган обондуу ырларды жогорку чеберчиликте аткарып берип, көрүүчүлөрдүн алкышына татыды. Мураталы Күрөңкеев атындагы Улуттук музыкалык окуу жайынын жаш өнөрпоздору да ыр сүйүүчүлөргө жагымдуу маанай тартуулашты.

✍️ БШБКТнын басма сөз кызматы.

Похожие статьи