Бишкек шаарынын Т. Касымбеков атындагы борбордук китепканасында Ооган согушунун 36 жылдыгына жана Улуу Ата-Мекендик согуштун 80 жылдыгына арналган тегерек столдо баарлашуу өткөрүлдү. Иш чараны Бишкек шаарынын борборлоштурулган китепканалар тармагынын директорунун орун басары Исаева Жамийлахан ачып, жоокерлердин эрдиктери көп улуттуу Мекенибиздин бейпилдигин сактап калууда зор роль ойногонун баса белгиледи.
Келген меймандар: полковник Таштанбаев Орозбек, КРдин Ооган согушунун ардагерлер башкармалыгынын мүчөсү Турапов Анарбай, жазуучу Адиев Рысбек келген окурмандарга көптөгөн маалыматтарды айтып беришти. Иш чаранын жүрүшүндө меймандарга видеофильм көрсөтүлдү. Китеп көргөзмө уюштурулуп, чоңдорду тейлөө бөлүмүнүн башчысы Ишекеева Клара китеп баяндама жасап, окуучулардын кызыккан суроолоруна жооп берди. Иш чаранын аягында №71 мектептин тарых мугалими Бейшебаев Бекжан уюштуруучуларга ыраазычылык билдирди.
✍️ БШБКТнын басма сөз кызматы.
