Төлөгөн Касымбеков 1931-жылы 15-январда Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Ак-Жол кыштагында жарык дүйнөгө келген. Ал кичинекей кезинен эле тарыхый уламыштарды угуп өскөн.
Тарыхый романды жазуунун чебери, кыргыз Эл жазуучусу Т. Касымбеков чыгармачылыкка шыктуу экенин Кыргыз мамлекеттик университетинде окуп жүргөндө эле байкалган. Анын алгачкы аңгемелеринин бири “Жылкычынын уулу” 1952-жылы “Советтик Кыргызстан” (азыркы “Ала-Тоо”) журналына жарыяланып, 1956-жылы өзүнчө китеп болуп басылган. 1928-жылы “Туулган жер”, 1960-жылы “Адам болгум келет” аттуу китептери жарык көргөндөн кийин кара сөз жаатына дагы бир таланттуу жазуучунун келип киргенине жалпы адабий коомчулук күбө болгон эле. Анткени “Адам болгум келет”, “Жетим” повесттери ал кезде адабий сында да, окурмандардын кабыл алуусунда да жакшы ой-пикир калтырган.
Аталган повесттер кандайдыр бир деңгээлде алыскы Жаңы-Жол районунун Ак-Жол айылында туулуп өсүп турмушка жана чыгармачылыкка умтулган, өз жолун, өз ордун табуу үчүн күрөшкөн автордун өзүнүн алгачкы өмүр жолунан да кабар берет.
Т. Касымбековдун “Сынган кылыч” чыгармасы – кыргыз адабиятынын айдыңындагы алгачкы тарыхый роман. Мында 1842-жылдан 1876-жылга чейинки же жалпылап айтканда, XIX кылымдын ортосу менен экинчи жарымындагы түштүк кыргыздардын турмушу, Кокон хандыгындагы ордо менен элдин коомдук-саясий, социалдык-экономикалык курч, карама-каршы мамилелери, орус падышачылыгынын колониячыл каратып алуу жүрүшүнүн ишке ашышы өңдүү тарыхый окуялар сүрөттөлгөн. Чыгармада катышкан каармандардын көпчүлүгү тарыхта болгон адамдар жана алар катышкан окуялардын баары тарыхта белгилүү.
Ошентип, кыргыз элинин башынан өткөн эң орчундуу тарыхый мезгилин – Россиянын кыргыз жергесин каратып алуу учурун жана ошол тарыхый кырдаалдагы эл турмушунун нукура чындыгын алгачкы жолу тарыхый роман түрүндө көркөм чагылдыруу менен жазуучу Т. Касымбеков кыргыз адабиятынын масштабында тарыхый роман жазуунун классикалык үлгүсүн жакшы баштап берүүгө жетишти. “Сынгын кылыч”, “Кел-кел” тарыхый романдары менен Т. Касымбеков өлбөстөрдүн катарына кирди. Түйшүктүү, жемиштүү жана коогалаңдуу жолду басып өткөн бул эмгек кийинкилерге баа жеткис үлгү болуп кала бермек.
1986-жылы «Кыргыз Эл жазуучусу» деген наам алган, 2001-жылы 1-даражадагы «Манас» ордени менен сыйланган, 2006-жылы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик Токтогул сыйлыгынын лауреаты болуп, 2006-жылы «Кыргыз Эл Баатыры» наамына арзыган, Адабиятка сиңирген эмгеги үчүн 1970-жылы В.И.Лениндин туулган күнүнүн 100 жылдыгынын урматына «Каарман эмгеги үчүн» медалы, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамотасы менен сыйланган, 2005-жылы Мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн «Кыргыз тили» төш белгиси, 2006-жылы «Кыргыз Эл Баатыры» наамы ыйгарылып, «Ак шумкар» менен белгиленген.