Бишкек шаардык борбордук китепканасында "SMART” интеллектуалдык оюну өткөрүлүп, ага Бишкек шаарындагы жогорку окуу жайларынын студенттери катышышты. Оюн эки турда өткөрүлүп, анын жүрүшүндө акыл-эси терең ой жүгүртүүгө шыктуу жаштар айырмалана алышты.
Оюндун жыйынтыгында калыстардын чечими боюнча Башкы байге (Гран-при) "Идеал" командасына бир добуштан ыйгарылды. Кийинки орундарды "Үмүт", "Бумеранг", "Бедел", "Чырак" командалары ээлешти. Жеңүүчүлөргү байгелүү сыйлыктар жана Ыраазычылык баракчалары тапшырылды.