Библиотека № 19

Бишкек шаардык Борборлоштурулган №19-китепкана 2002-жылы  октябрь айында китеп берүү бөлумү (пункт выдачи) болуп, Ала-Тоо конушунда  ачылган. Жаңы ачылган убакта китеп фондунда болгону 2862 китеп болсо, азыркы мезгилде анын саны 10328 китепке жетти. Азыркы учурда китепканабыз мурдагы Мээрим фонду тарабынан ачылган, билим үйүндө жайгаштырылган жана китепкана бардык тармактагы китептер, газета-журналдар, заманга ылайыкталган техника менен жабдылган. Конушка аймакташ №82, №2-мектептердин окуучулары, жогорку окуу жайдын, орто окуу жайдын студенттери китепканага келип, билимдерин тереңдетип турушат. 2010-жылы «АРИС» коому тарабынан  «Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо» Агенствосуна долбоор жазып, анын 7200 америка долларын биздин китепкана утуп, 2011-жылы август айында «Электрондук китепкана жана маалымат борбору» болуп уюштурулган жана заманбап техникалар 4 компьютер, 2принтер, кинопроектор жана башка жабдуулар менен жабдылып, окуу залын толугу менен ремонттон өткөрүп беришкен. Интернет түйүнүнө туташтырылып, окурмандар менен иштиктуу иш алып баруудабыз. Китепканабыз жарык, таза, бардык шарттары түзүлгөн, окурмандарыбыздын саны 13500го жетти, аларды күн сайын тейлеген китепкана кызматкерлери иштейт.

Китепкана башчысы Токтогулова Назира