Тоголок Молдо атындагы № 15 китепкана

№ 15 китепкана Н.К.Крупская атындагы шаардык китепкана курамында 1980-жылы уюшулуп, ал кезде Ж.Бөкөнбаев, 145 дарегинде жайгашчу. Китепкананы Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген ишмери Малика Жаманкулова жетектеген.

           20-сентябрь1990-жылы кыргыздын көрүнүктүү акыны Тоголок Молдонун 130 жылдыгына карата Фрунзе шаардык аткаруу комитетинин     № 556 чечими менен китепканага анын ысмы ыйгарылган. Тоголок Молдо чоң комузчу, төкмө акын жана манасчы болгон. Кыргыз акындарынын арасында биринчи сабаттуу акын эле. Чыгармачылыгында элдин эчен жыл тилеген тилегин, эркиндикке умтулушун баяндаган. Мекенге болгон сүйүүсүн ырларында чагылдырып, жакыр кыргыз элин душмандарга каршы күрөшүүгө чакырган. Ал балдарга да арнап жомок, тамсилдерди жазган.

            1995-жылы Крупская атындагы чоңдор китепканасы менен Фрунзе атындагы балдар китепканасы биригип, Борборлоштурулган китепкана тармагына айланган. Анын курамындагы Р.Илипбаева жетектеген Тоголок Молдо атындагы китепканага 1999-жылы № 2 балдар китепкананын Китеп берүү бөлүмү биригип, 2000-жылы Салиева, 145 дарегине 33 558 китеп нускасы менен көчүп келген, жетекчиси Джангорозова Г.

            2002-09-ж.ж. китепкананы Д.Ракаева, 2014-ж. Г.Кубакеева, 2017-ж. Ч.Мамбетакунова жетектешип, 2018-ж. 8-октябрдан баштап А.Акматова жетектеди. Азыркы убакта китепканада иш-тажрыйбасы 50 жылга толгон Раимкулова Анаркүл эжебиз, филолог Исмаилова В., педагог Мамбетакунова Ч. жана Көлбаева Б. китепканачылар болуп эмгектенишет, баардыгынын билими жогору. Заманыбыздын талабына ылайык иш-чаралар жүргүзүлүп, көргөзмөлөр уюштурулуп жана окурмандардын суроо-талаптары аткарылууда. Китепкананын фонду 38701 китепти түзөт, алардын ичинен 4927 китеп кыргыз тилинде. Китепкана №№ 45, 51 орто мектептердин окуучуларын жана тургундарды тейлейт.

 

            № 15 китепкананын жетекчиси                      А.Акматова  

            Дареги: У.Салиева көчөсү, 145