Касым Тыныстанов атындагы № 5 китепкана

- жылы Фрунзе шаардык №5 китепкана аталып ачылган. 1969– 1979-жылдары китепкана Төкөлдөш аймагында жайгашкан. 1979-ж. китепкана Көлбаев көчөсүндөгү жаңы имаратка көчүрүлгөн. Китепкананын имараты 25 миң  нуска китеп сактоого ылайыкталып курулуп пайдаланууга берилген.  Жалпы аянты 329,9 кв.м.

         Китепкананын иши жаш жумушчулардын маданий дэңгээлин көтөрүүгө багытталган. Китепкана тейлеген чакан аймакта  мекеме-ишканалардын  жатаканалары, ошондой эле жакын арада ТЭЦ, «Электродвигатель» заводу жайгашкан болуучу. Китепкана жаштардын маданий эс алуу борбору катары  белгилүү акын-жазуучулар менен  жолугушуу кечелерин уюштуруп Темиркул  Үмөталиев, Сооронбай Жусуев ж.б.белгилүү адамдар өз колтамгаларын  коюлган китептерин белекке калтырып кетишкен.

        1989-1994-жылдары китепканаларда  чарба жүргүзүүнүн жаңы ыкмалары  колдонулуп, иштин жаңы ыкмалары - акы төлөп пайдалануу кызматтары киргизилди. №5- филиалда  көргөзмө-сатык уюштурулуп, сүрөтчүлөрдүн картиналары коюлган.Түшкөн каражаттардын 10% китепкананын эсебине чегерилген. Бул жылдары китепкана «үй-бүлөлүк» окуунун китепканасы деген алдыңкы тажрыйбага ээ болгон. 1989-ж. №5 филиалдын эмгек жамаааты социалистик мелдештеги жетишкен ийгиликтери үчүн китепканалар тармагынын  Ардак Грамотасы менен сыйланган.

        1990 –жыл  өлкөдө кыргыз китебинин жылы деп жарыяланган. Ушул себептен жазуу-

чулар Союзу, чыгармачыл интеллигенция жана китепканалар тармагынын өтүнүчү  боюнча

шаардын бир катар алдынкы китепканаларына  улуу акын-жазуучулардын ысымдарын

ыйгаруу бийлик тарабынан каралган.  1990-ж. 20.09.  Кыргыз ССР Эл депутаттарынын

Фрунзе шаардык Советинин аткаруу комитетинин № 556 чечими менен китепканага

кыргыз элинин улуу инсаны, окумуштуу-тилчи-лингвисти, коомдук саясий ишмери, акын,

профессор Касым Тыныстановдун ысымы ыйгарылган. Салтанаттуу ачылышы улуу инсан-

дын 90 жылдыгына арналып 1991-ж. 10-октябрда өткөн. Бул күнү юбилярдын урматына арнал-

ган салтанаттуу кече уюштурулган. Кеченин кадырман коноктору катары К.Тыныстанов-

дун  замандаштары: ишин улантуучу- окуучусу ардактуу профессор Зияш Бектенов,

ардактуу профессор Абдулхай Алдашев;  илимпоз-фольклорчу Кыдырбаева Р.З.,

манастаануучу Мусаев С.; Касымдын поэзиясын которгон  Михаил Рудов; жазуучу

М.Т.Байжиев, акын А.Жакшылыков  чакырылган.  Үй-бүлөсүнөн уулу Эркин Тыныстанов,

кызы БирдикТыныстанова-Абакирова, жакын тууганы Далил Тыныстановдор катышыш-

кан. Атайын альбомго  өздөрүнөн кол тамгаларын калтырышкан.

       Бул учурдан баштап китепкананын тарыхында жаңы барак ачылат. Китепканачылардын алдында кылдаттыкты, узак убакытты талап кылган  – улуу инсандын илимий-адабий мурасын топтоо, өмүрү жана чыгармачылыгына арналган адабияттарды, материалдарды изилдөө жана жыйноо милдети турган.

            Касым Тыныстанов – кыргыз жазма адабиятынын негиздөөчүсү, кыргыздын алгачкы

окумуштуу-лингвисти, көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмери. Касым Тыныстанов

өзүнүн кыска өмүрүндө маңыздуу жана жемиштүү жашап өткөнгө үлгүргөн. Улуу Пушкин

жашап өткөн мезгил аралыгы гана анын энчисине бөлүнгөндүгүн жогорудан берген кандайдыр бир күч айтып турат. Бул бекеринен болбосо керек, анткени талант жана элге

күжүрмөндүк менен эмгек өтөө бардык учурларда анын урматына курмандыкка баруу

дегенди түшүндүргөн. Бүгүн биздин эсибизде унутта калган адамдардын ысымы кайра

келүүдө. К.Тыныстанов 1901-ж. Ысык- Көл жээгинде кедей-дыйкандын үй-бүлөсүндө туул-

ган. Он сегиз жашында Ташкенттеги кыргыз-казак билим берүү институтунда  окуп жүргөн

учурунда биринчи ырларын жарыялаган. Анын таланты эрте байкалып ар тараптуу багыт-

ты камтыган.  Акын, тилчи-лингвист, сейрек кездешүүчү уюштуруучулукка жөндөмдүү

коомдук ишмер.  Ал - кыргыз элинин биринчи  эл агартуучу комиссары, биринчи кызыл профессору, кыргыз тил илиминин пайдубалын түптөөчүлөрдөн,  грамматика, синтаксис, лексикология чөйрөсүндөгү эмгектерди жараткан. Кыргыз алфавитин иштеп чыгууга жана түзүүгө активдүү катышкан.  Ушунун өзү эле бүтүндөй өмүрдү камтыган эмгек жолу болуп  саналат. Алгачкы ырлар жыйнагы 1925-ж.  Москва шаарында басылып чыгарылган. Ал кыргыз адабиятчыларынын  ичинен биринчилерден болуп «Интернационал» гимнин, И.А.Крыловдун тамсилдерин кыргыз тилине которгон. Ошондой эле  К.Тыныстанов  манастаануу илимин, кыргыз фольклористикасын негиздеген. Кыргыз элинин  өтө бай элдик оозеки маданий мурастарын  жоголуп кетүүдөн сактоо максатында  атайын комиссия түзүү демилгесин  алып чыккан. Бул комиссияга «Манас» эпосу боюнча чогулган материалдарды  кайра иштеп чыгуу жана бара-бара басып чыгаруу милдети жүктөлгөн. 30-ж. орус тилдүү окурмандарды «Манас» эпосунун негизги мазмуну камтылган өзүнүн орус тилиндеги котормосу менен тааныштырган.  Көрүнүктүү

лингвист, жазуучу жана котормочу З.Бектенов  К.Тыныстановдун котормочулук талантына

жогору баа берген. Анын айтуусу боюнча, К.Тыныстанов  кандай гана текст болбосун,

мейли анекдот болсун, айтор бат жана ойдогудай, көркөм ыр катары орус тилине которо

алган. Бизге жеткен маалыматтарга таянсак, анда 1946-ж. орус тилинде жарык көргөн

«Манас» эпосунун  которулган текстинин 75 %  К.Тыныстановго таандык  деген жыйынтык

чыгарууга болот.

         1937-жылы Касым Тыныстанов  негизсиз эле репрессияга дуушар болуп, 1957-жылы

кайра акталган. 1991-ж. күнөөсүз  репрессияланган  адамдардын арасында Касым Тыныстановдун сөөгүн кайра жерге жашыруу жөрөлгөсү өткөрүлгөн. Эми алардын аты «Атабейит» көрүстөнүнүн тактасында кылымдар бою сакталмакчы.

         Учурда К.Тыныстановдун эмгектери чыгарылып, зордук менен алынып салынган

китептери кайра пайдаланууга берилүүдө. Кыргызстандын улуттук валютасынын 10 сом-

дук акча белгисинин бетине анын бейнеси түшүрүлгөн. Туулуп өскөн айлында анын айкели орнотулуп, үй-музейи ачылган. Анын ысмы мектепке, Каракол педагогикалык университетине, Бишкек шаардык  №5 китепканасына, Бишкек шаарынын бир көчөсүнө ыйгарылган.                           100 жылдыгына карата 2001-ж. Ж.Баласагын атындагы Улуттук университетинин аянтына айкели орнотулган. 2002-ж. Каракол шаарында белгилүү түрколог  окумуштуу  К.Карасаев жана К.Тыныстановдун элестери чагылдырылган эстелик  коюлган. Ошондой эле анын атындагы мамлекеттик сыйлык жана стипендия негизделген. Касым Тыныстанов атындагы коомдук фонд түзүлгөн.

       Касым Тыныстановдун кийинки муунга  калтырган улуу мурасы, жигердүү  ишмердүүлүгү үчүн анын  урпактары терең ыраазы. Биздин милдетибиз – бул мурасты улут сыймыгы катары баалоо жана сактоо  болуп эсептелет.

        90-жылдардын башында китепканалар  эң кыйын учурларды башынан өткөрүштү. Жалпы адамдык асыл-баалуулуктар өзгөрүп, маданият тармагы терең кризиске дуушар болду. Көптөгөн китепканалар жабылып, имарат-жайлары менчикке сатылып кетти. 1994-ж. күз айларында китепкананын алдында башка мекеме,  т.а. «Диалог» маданият клубу менен биригүү коркунучу туулду. Имараттын жарым аянты ал мекеменин  пайдалануусуна берилди. Бирок китепкана бул тарчылыкка моюн бербей, өз ишмердүүлүгүн чыгармачылык башат менен токтоосуз жүргүзө         берди. Өз окурмандырынын, пикирлештеринин арасында  кадыр-баркка жетише алды.   Эки жылдан кийин  китепкананын имараты толугу менен  кайтарылды. Бул  китепкананын эмгек жамаатынын эрдиги, алар ошол учурдагы моралдык кысымдарга  туруктуш беришти. Китепкананын  коомдо жашоого укугу жана орду бар.

      1994-2000-жж.аралыгында китепкана «Кайрымдуулук – бул адамзаттын ыйык вазийпасы» деген ураан менен иш алып барып, бул багытта көптөгөн кайрымдуулук иш-чараларын өткөргөн. Улгайган жана жалгыз бой өз окурмандарын өзгөчө камкордукка алышкан, демөөрчүлүк жардам уюштурушкан, жагымдуу маанайдагы адабий-чай ичүү салтанаттарын өткөрүшкөн.

     Китепкананын  иш багыты – Касым Тыныстановдун  чыгармачылык мурасын  кеңири жайылтуу. Бул максатта көптөгөн  маданий-агартуучулук иштер өткөрүлүп келе жатат. Жыл сайын сентябрь айында К.Тыныстановдун туулган күнүнө карата Тыныстановдук окуу жумалык-

тары, эскерүү күндөрү өткөрүлүп, Ж.Баласагын атындагы  КУУ аянтындагы айкелине гүл коюу аземи уюштурулат. Саясий репрессия  курмандыктарын эскерүү күнүнө карата  (8 .11)  эскерүү кечелери, аңгеме-реквием өткөрүлөт. Касым Тыныстановдун үй-бүлөсү менен тыгыз байланыш түзүлгөн. 1997-2002-жж. аралыгында анын уулу Эркин Касымович Тыныстанов китепканада  атасынын урматына өткөрүлгөн маданий иш-чараларга катышкан.  1999-ж. 21.05.күнү К.Тыныстанов атындагы коомдук фонд менен бирге «Элге кайтарылган мурас» деген темада окурмандардын конференциясы өткөрүлгөн. Кадырман конок катары  тилчи-окумуштуу,академик  Бүбүйна Орузбаева; профессор Чабалдай Жаныбеков – Тыныстанов фондусунун президенти; Турдукулова Т. – УИАнын жооптуу кызматкери, П.Казыбаев – «Манас-1000» мамлекеттик дирекциясынын башкы  илимий адиси; акын Г.Момунова, Р.Карагулова ж.б. чакырылган. Ошондой эле үй-бүлөсүнөн уулу Эркин Тыныстанов катышкан.

       2001-жылы өлкөбүздө  К.Тыныстановдун 100 жылдык мааракеси кеңири белгиленди.

Бул  дата ЮНЕСКОнун 2000-2001-жж. өзгөчө маанилүү жана белгилүү даталардын

жылнаамасына  киргизилген. Бул юбилейлик мааракенин урматына Ж.Баласагын атын-

дагы  КУУ  «Касым ырларынын жыйнагын» жарыкка чыгарды. Жыйнак  мазмууну жагынан

1925-жылы чыккан  жыйнактын кайра басылышы болду. Учурунда Касымдын бул жалгыз ыр жыйнагы  бийлик тарабынан тыюу салынгандыктан,  көптөгөн жылдары маданий чөйрөдөн жоголуп кеткен. Бул жыйнакта  Касымдын ырлары  эки тилде: кыргыз жана орус тилдеринде  сунушталат. Орус тилине  М. Рудов жана В.Шаповаловдор которушкан.  Сейрек кездешүүчү китептин 2 нускасы  университеттин ректору академик Аскар Какеевдин өз колтамгасы коюлуп, китепканага белекке берилген.

       2004-жылы китепкананын ишмердүүлүгүндө бир топ ийгиликтер жаралды.  Имаратты

жакшылап  ондоп-түзөөгө шаардык мэрия тараптан акча каражаттары бөлүндү. Касым

Тыныстановдун үй-бүлөсүнөн – небереси Теңдик Тыныстанов  мырза тарабынан демөөр-

чүлүк колдоо көрсөтүлдү. (Теңдик Тыныстанов – Эркин Тыныстановдун уулу. Мыкты

билимдүү жигит,  «ХХ1 кылымдын кадрлары» деген атайын президенттик билим програм-

масы боюнча Америкада окуган, азыркы учурда Англияда иштеп жатат.)

       Китепкана  шаардык «Жылдын мыкты китепканасы» аттуу кароо-сынакта 1-чи орунга жетишип, Бишкек шаардык мэриясынын диплому жана акчалай сыйлыктары  менен сыйланат.  Компьютер,принтер  менен камсыз болот. Бул жогорку маалымат технологияларынын пайда болушу китепкананын материалдык-техникалык базасынын өнүгүүсүнө  шарт түзүү менен катар иш нугун жаңы багытка бурду. Колдонуучулар үчүн ар түрдүү электрондук маалымат булактары, программалар (СД-дисктер) колдонулган  маалымат-таанып-билүү сааттары сунушталды.

«Кыргыз укугунун энциклопедиясы»  деген атайын программа орнотулган.

        2006-жылы  китепкананын жетекчиси Нарбаева Б.М.  демилгеси менен  атайын

«Инсан ибараты» деген аталыштагы автордук окуу залы ачылган. Бул автордук окуу

залында колдонуучулар үчүн К.Тыныстановдун өмүрү жана чыгармачылык  мурасы  жөнүндө толук маалымат сунушталат. Бул багытта  атайын китепканалык архив түзүлгөн.

Архив К.Тыныстановдун илимий, адабий эмгектерин, илимий-практикалык конференция-

лардын материалдарын, анын көп кырдуу чыгармачылыгына, өмүр жолуна арналган адабияттарды камтыйт. Ошондой эле  1990-дан 2009-жылга чейинки жарык көргөн газета-журнал макалалардын топтому жыйналган. Бүгүнкү күндө бул китепканалык архив  150дөн ашык аталыштагы  басма продукциясын түзөт. Компьютерде анын өмүрү жана чыгармачылыгына арналган мультимедиялык программа орнотулган. Атайын слайддар даярдалган. «Касым Тыныстанов – акын, окумуштуу-лингвист» деген  персоналдык картотека түзүлгөн. Тыныстановдун замандаштары , чогуу саясий репрессияга дуушар болгон инсандардын өмүр жолуна арналган маалыматтар да топтолгон. Автордук окуу залдын салтанаттуу  ачылышы 31.05.2006  болгон. Ч.Жаныбековдун «Касым Тыныстанов: Жизнь и творчество» деген  жаңы китеби менен К.Тыныстановдун «Капастан чыккан ырлар» /мурда жарыяланбаган ырлары кирген/ аттуу китеби  катышуучуларга сунушталып, бет ачаар аземи өткөрүлгөн.

       Бул автордук окуу залында  колдонуучулар К.Тыныстановдун өмүрү жана чыгармачы-

лыгын изилдеген  рефераттык, курстук, дипломдук иштерди жазышат. Ошондой эле

кыргыз элинин тарыхый инсандары, көрүнүктүү мамлекеттик ишмерлери жөнүндөгү

маалыматтар менен пайдаланышат.  Бул  адистештирилген бөлүм тыныстанов таануучу-авторлор, аспиранттар үчүн  да кызмат көрсөтүшөт. Жарыя иштери да жакшы деңгээлде

коюлуп, орто мектептердин окуучулары, жогорку окуу жайларынын студенттери үчүн

экскурсиялар  уюштурулуп турат.

       Китепканада К.Тыныстановдун өмүрү жана чыгармачылыгы жөнүндөгү жарык көргөн  бардык авторлордун  китептеринин бет ачаар аземи  өткөрүлүп келет.

2001-ж. Самсак Станалиевдин «Касым Тыныстанов.:Чагылгандын көз жашы» аттуу

тарыхый романы жарык көргөн.  Китептин бет ачаар салтанаты автордун жана Касым

К.Тыныстановдун уулу Эркин Тыныстановдун катышуусу менен  2001-ж.29.11. өткөн.

Бул негизинен 100 жылдык юбилейлик мааракесине арналып  «Коом.Инсан.Тагдыр»

деген темада өткөрүлгөн.

        Китепкана мына ушундай  мазмуундуу,  жигердүү чыгармачылык менен иш алып

келе жатат. К.Тыныстановдун чыгармачылыгын  кеңири  жайылтып, улуу инсандын ысмын

чоң сыймык  менен татыктуу алып жүрөт.

        Бул багыт менен эле катарлаш  мамлекеттик бардык программалар боюнча да

маанилүү  иш жүргүзөт. Кыргызстандын мамлекеттик тили – кыргыз тилинин өнүгүшүнө өзгөчө салым кошуп келүүдө. 1994-жылдан тартып  китепкананын иш кагаздары мамлекеттик тилде жүргүзүлөт. Кыргыз тилиндеги китеп фондусун толуктоодо да  жылыштар бар, 12% дан 14% жогорулады. Ар дайым китеп рыногун изилдешип кыргыз китеби менен камсыз  болууда бюджеттен тышкары акча каражаттарын пайдаланышат. Автордук белек алышат,  «Китепканага  белекке китеп бергиле» деген ураан менен китеп марафондорун уюштурушат. Ошондой эле кыргыз элинин улуттук кайра жаралуусун , башка элдер менен болгон маданий байланыштарды  чагылдырган иш-чараларды өткөрүшөт.

         Өз колдонуучуларынын руханий, маданий эс алуусунуна арналган  ар түрдүү:

«Бир окурмандын күнү», «Биздин ардагер» ж.б. деген иш-чаралар салттуу түрдө калыптанган.  Улгайган окурмандар арасында «Жылдын мыкты окурманы» аттуу кароо-сынак жыл сайын уюштурулуп, жеңүүчүсү аныкталып турат. Мүмкүнчүлүгү чектелген колдонуучулар үчүн да камкордук жана көнүл бөлүү акциялары өткөрүлүп турат.

         Китепканалык иштин тажрыйбасында жаңы ыкмалар пайдаланып жатат. Мисалы:

кеп-таймаштар(дебаттар ), ой-толгоо, суроо- жооп, кызыктуу жана пайдалуу маалымат сааттары; тарыхый маалымат аукциону, ролдук жана сөздүк оюндар ж.б.

        Акыркы жылдары китепканада төмөнкү чыгармачыл адамдар менен жолугушуулар

уюштурулган: манасчы У.Мамбеталиев, акындар Г.Момунова, Э.Турсунов, Р.Карагулова,

С.Тургунбаев , М.Мамазаирова, Б.Арстанбекова, Б.Чотурова; жазуучулар Э.Медербеков,

Т.Чоротегин,С.Жетимишев,К.Акматов ж.б. Алар китепкананын  чыгармачыл эмгек жамаа-

тына калоо-тилек жазышып, ардактуу коноктор китебине өз колтамгаларын калтырышкан.

өздөрүнүн китептеринен да белекке тапшырышкан.

        Китепкананын ишмердүүлүгүн чагылдырып, мааламаттык жактан колдоону масса-

лык-маалымат каражаттары : «Заман-Кыргызстан», «Вечерний Бишкек», «Эркин-Тоо»,

«Кыргыз Руху», «Кыргыз-Туусу» гезиттери; УТРК – улуттук 1-чи канал, «Азаттык» жана

«Мир» радиолору уюштуруп келе жатышат.

        Китепкананын  жетекчиси Нарбаева Багым Макулбековнанын  көп жылдык чыгарма-

чыл эмгеги бааланып, КР маданият министирлигинин, Бишкек шаардык мэриясынын

Ардак Грамотасы менен сыйланган.  Маданиятка салган үзүрлүү  салымы үчүн 2007-ж.

«КР маданиятынын мыкты кызматкери» деген кесиптик төш белгиси тапшырылган.

       Касым Тыныстанов атындагы Бишкек шаардык № 5 китепканасы  мыкты адис-

уюштууручу  Нарбаева Б.М.нын  жетекчилиги  астында көптөгөн конкурс, фестивалдарда

татыктуу орундарга ээ болгон (2003,2006,2009) Ал эми 2009 –ж.  «Китепкана жылынын»

алкагында уюштурулган кароо-сынакта жетишкен ийгиликтери үчүн Свердлов районунун

китепканалары арасында «Жылдын мыкты китепканасы» деп аталып, атайын Диплом

менен сыйланган.

        Китепкана колдонуучулардын саны – 4500; жылына 27.000 киши келип турат,

ал эми китеп  берүүнүн саны  -  90 миңден ашат.

      Касым Тыныстанов атындагы китепкана бүгүн шаардык китепканалар тармагында

өзүнүн  татыктуу ордун ээлейт, үлгүлүү китепкана катары жаңы ачылган китепканаларга

методикалык  жардам көрсөтөт.

 дареги:  Бишкек шаары – 22  К.Көлбаев к-сү,  4

                                        

 Фонд-30010     анын ичинен кыргызча- 5613

 

Китепкана башчысы                     Оркошова Бактыгүл Аскаровна