№ 25 китепкана Бишкек шаарында Свердлов районундагы Ак-Бата жаңы конушунда жайгашкан. Көчөнүн номери 8, мекеменин номери -50. Бир имараттын ичинде китепкана, ГСВ №7 жана № 21 кварталдык комитет жайгашкан. №25 китепкана 2006- жылы салынып, ишке кирише баштаган. Почта индекси 720024. 1 этаждан турат, кирпичтен салынган, крышасы шиферден, аянты 125м 2. Кышында печкага от жагылат – 2,5 тонна көмүр менен. Косметикалык ремонт керек, пожардын сигнализациясы иштейт. Ичинде муздак суу чыгат.
Китепкананын фонду 8419 нуска китептен турат, кыргыз тилинде – 3002 нуска.
Китепкананын жанында №43 орто мектеби жайгашкан.
Китепкана башчысы Шамбетова Нуриза.