Библиотека № 21

Свердлов районунун Бакай- Ата конушунун Бакай – Ата көчөсүнүн № 71 имаратында жайгашкан.(Айыл өкмөтүнүн имаратында) Бул китепкана 2005 – жылы 1- сентябрында ачылган. Китепканага тиешелүү 4 бөлмө, б.а. 1 окуу залы, 1 абонемент бөлүмү жана 2 китеп сактоочу жайы бар.

Китепкана конушта жашаган калктын, студенттердин жана мектеп окуучуларынын китепке болгон суроо – талаптарын аткаруу үчүн ачылган.

Китепканага китепкана башчысы Назарова Света жана китепканачы болуп Назарова Жылдызгүл иштеп баштаган. Китепкананын алгачкы фонду № 10 китепкананын фондусунун эсебинен толтурулган. Китепкананы ачуудагы алгачкы иштер, мисалы, бөлмөлөрдү даярдоо, стеллаждарды жайгаштыруу, китепктерди учетко алып, аларды таблица боюнча ордуна коюу, ар кандай документтер менен иш жүргүзүү, ж.б. иштер жасалды.

2006-жылы 1-январдан тартып окурмандарды тейлей баштаган. 2006-жылдан бери Самсиева Элнура, Мавлянова Бактыгүл жана Кидиралиева Элмиралар китепканачы болуп иштеп келишти. Китепкана башчысы жана китепканачылар мамлекеттик жана улуттук программалардын негизинде иш алып барып, ар кандай маданий иш-чараларды өткөрүп жана аларга активдүү катышып келе жатышат.

Мисалга алсак, китепкана башчысы Назарова Светанын демилгеси астында Бакай – Ата өзүн-өзү башкаруу кеңешинин төрагасы Сатиндиев Жумабектин, ж.б. спонсорлордун колдоосунда конуштун таланттуу жашоочулары менен 2006-жылы 31-августата Эгемендүүлүк күнүнө карата «Ыр кесе» өткөрүлгөн. «Ыр кесенин» сценарийин китепкана башчысы Назарова Света жазып, салтанатты алып барган. «Ыр кесе» «Келечек» жаңы конушуна тапшырылган.

Китепкана башчысы Назарова Света «Үй куруучулар» газетасында штаттан сырткары кабарчы болуп иштеп, конуштун жаңылыктарын, маданий иш-чараларын басып чыгарууда жардам берип турган. 2008-жылы Бакай – Ата конушунун түптөлгөнүнө 20 жыл толооруна байланыштуу конуштун 20 жылдык тарыхын чагылдырган атайын чыгарылышка чыгарууда редакторлоодо катышкан.

2007-жылы «Мыкты китепканчы» конкурсунда гран прини камсыз кылган. БКТ өткөн «Мырзайым» 2009-конкурсунда гран прини жеңип алган. Ар бир жылы өткөрүлгөн иш-чараларга активдүү катышып, байгелүү орундарга ээ болуп келе жатат.

2012-жылы «Курманжан Датка», 2013-жылы «Үй-бүлө, ынтымак жана кечиримдүүлүк» жана быйылкы Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылында, жакын жайгашкан № 85 орто мектебинин жамааты жана конуштун маала башчылары менен тыгыз байланышта болуп, даталуу күндөрдү, майрамдарды биргеликте өткөрүп келе жатабыз.

Китеп фондусу – 13066 анын ичинен кыргызча китептер-3491 нуска.

Китепкана башчысы:                                Назарова С.Ж.