Жусуп Турусбеков атындагы №2 шаардык китепкана 1939-жылы шаардык балдар китепканасынын базасында ачылган.
1949-жылга чейин Ю.Фучик паркындагы клубда жайланышкан.
Жыл өткөн сайын китепкананын фонду жаңы басмалар менен толукталып, окурмандардын саны көбөйгөн.1959-жылы Киев –Б.Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишинен атайын китепкананын имараты курулган. Жаңы имаратка кирүү менен окурмандар жана китепканачылар үчүн ынгайлуу шарттар түзүлүп, китепкананын иши жакшыртыла баштаган. Китепкана 1959-жылы жаңы имаратка көчүрүлүп келинген. Фрунзе шаардык депутаттар кеңешинин 1961-жылы 10-январдагы чечими менен жана кыргыз драматургиясынын баштоочусу, патриот акын Жусуп Турусбековдун 50-жылдык маарекесине байланыштуу акындын ысымы китепканага ыйгарылган.
Китепкананын тейлөө микрозонасы Бейшеналиева-Чүй-Жаш.Гвардия-Киев-Токтогул-Москва көчөлөрү менен чектелген.
Китепкананын микрозонасындагы мектептер: №8,№31,УВК№9
Чоң окуу жайлары: КНУ,КГЮА,КГУ,БФЭТ,ИСИТО
Биринчи китепкана башчысы Эрке Исаева жетектеген, көп жылга сакталуучу мезгилдүү басма сөз бөлүмүн ачкан. 1965-жылы китепкана 42 көчмө китепкана жана 2-китеп берүү бөлүмчөлөрүн, ошондой эле 4-үйдөн тейлөө китепканасын тейлеген. 1961-ж.-1983-жылга чейин китепкана башчысы Эрке Исаева эмгектенген.
1979-жылы китепканаларды борборлоштуруудан кийин 18-китепкананы бириктирген Борборлоштурулган китепкана тармагы түзүлүп, №2 китепкана болуп аталган. Китепканада балдар бөлүмү, пенсионерлерге үйүнөн тейлөө бөлүмдөрү иштеген. Китепканада капиталдык ремонт иштери аткарылып турган. 1983-1991жылга чейин китепкана башчысы Аманалиева Калиман Аманалиевна эмгектенген.
1991-2009жылга чейин китепкана башчысы Джапарова Акация Обоскуловна эмгектенген.
Ушул мезгилге чейин китепканада эмгектенген китепканачылар:.
1.Боталиева Айнагүл-окуу залынын башчысы
2.Ли Алла Афанасеевна-үйгө алуу бөлүмүнүн башчысы
3.Илипбаева Рая Илипбаевна-китепканачы
4.Бейшеева Гулмира –библиограф
5.Буржуева Бакыт-китепканачы
6.Күрүчбекова Марина-китепканачы
7.Адылова Клара-китепканачы
1990-жылдардагы өткөөл мезгилде китепканада акы төлөө кызматы, күрөө системасы киргизилип, окурмандардан өз ыктыяры менен китептерди чогултуу иштери жүргүзүлгөн.
2001-жылы шаардык китепканалар арасында өткөн сынакта 1-орундагы “Мыкты китепкана” наамына татыктуу болгон.
2009-жылдан баштап китепкана башчысы болуп Адылова Клара Эсенкуловна иштейт.
2018-жылдан баштап китепкана башчысы болуп Кадырбаева Анара Курманбековна иштейт.
Китепканада азыркы учурдагы эмгектенген китепканачылар:
1. Китепкана башчысы Кыдырбаева З.К
2.Абдыкеримова Б
3. Омукеева А.
4. Утукеева К
5. Дуйшенова Ш.
Китепкана фондусу -54279 анын ичинен кыргызча-8322
Биздин дарек:Бишкек шаары
Бейшеналиева көчөсү №31.тел:64-50-63