Китепкана Фрунзе областык китепканасынын базасында1949-жылы уюшулган. 1950-жылы Фрунзе шаардык аткаруу комитетинин чечими менен китепканага көрʏнʏктүүакын, драматург Ж.Бɵкɵнбаевдинысымыыйгарылган. КитепканаБиринчи май кɵчɵсʏ №110до жайгашкан.1979-жылы китепканалар борборлоштурулганданкийинчоңдордутейлɵɵчʏкитепканатармагынын филиалы катары окурмандардытейлепкелет. 1962-1969 жылдарда китепкана башчысы болуп Краснова Любовь Яковлевна иштеген.1969-1991 жылга чейин Мусаева Каписа Мусаевна китепкана башчысы болуп эмгектенген . 1982-жылы 1-январда кыргызжанаорустилдеринде 162,6 нускакитебиболгон, 140 наамдагыжурналдар алынган. Абонемент жана 40 орундуу окуу залы иштеген, он миңокурмандытейлеген. 1992-жылы 1-январда 118,9-нуска китепболгонжанабулжылыкитепканаоктябрдын 40-жылдык кɵчɵсʏнɵкɵчʏпкелген (азыркыИсановкɵчɵсʏ №78). 1991–1996 жылгачейинЭгембердиеваРапияКʏрпʏкɵвнакитепканабашчысыболупиштепкелген.1996-2002 жылгачейинкитепканабашчысы болуп Ибрагимова ЗульфияИбрагимовнаэмгектенгеношолжылдардаокурмандардын саны 5250 окурманболгон. 1994-жылы Бишкек шаарындагы чоңдорду жана балдарды тейлɵɵчʏ эки тармак бириктирилгенден кийин Бишкек шаардык китепканалар тармагынын №18 чи Ж.Бɵкɵнбаев атындагы китепканасы болуп окурмандарды тейлеп келет . Атактуу акын-лирик жана драматург Жоомарт Бɵкɵнбаев 16-май 1910-жылы Жалал-Абад обласынын Токтогул районундагы Мазар-Сай айлында кедей дыйкандын ʏй-бʏлɵсʏндɵ туулган. Балдарʏйʏндɵтарбияланып ,Ош,Фрунзепедтехникумдарында, Москва коммунисттикуниверситетиндебилималган. Чыгармачылыкиши 1927-жылдан башталып «Жералганкедейлерге» аттуубиринчиырыОшточыгуучугазетагажарыяланган. 1930-1940 жылдардаРеспубликалыкгазеталардынредакцияларындажооптуукызматтардаиштеген .Ушулжылдары «Добулбас» (1935), «Жоомартынырлары» (1936) китептер чыккан.Ж.Бɵкɵнбаев берметтей тунук поэзия жаратуу менен бир канча кʏчтʏʏ драмалык чыгармаларды жазып калтырды. Анын «Алтын кыз», «Семетей», «Каргаша» аттуу музыкалык драмалары кɵркɵмдʏк жагынан жогору турат. Ал «Айчʏрɵк» операсынын либереттосунун авторлорунун бири. Ж.Бɵкɵнбаев орус классиктери А.С . Пушкиндин, М.Ю.Лермонтовдун ,А.Н.Некрасовдун, В.В.Маяковскийдин кɵп чыгармаларын чеберчилик менен которуп элге тартуу кылды. Кыргыз совет адабиятында сиңирген эмгеги ʏчʏн «Ардак белгиси» ордени менен сыйланган.Улуу Атамекендик согушка барып, бирок искусство адамдарын согушка албоо туралуу токтомунан кийин аман-эсен кайтып келип чыгармачылык ишин уланткан. 1944-жылы чыгармачылык командировкада жʏргɵн кезинде кʏтʏлбɵгɵн кырсыктан каза тапты. Акындын элесин тʏбɵлʏккɵ калтыруу максатында борборубуздун Эркиндик бульварында бюсту орнотулган, Тоң районуна, Ош шаарындагы орто мектепке, Бишкектин кɵчɵсʏнɵ жана биздин китепканага ысымы ыйгарылган.
Китепкана ʏч бөлүмдөн турат:
1-Окуу бөлүмү
2-Китептерди ʏйгɵ берʏʏ бɵлʏмʏ
3-Балдар бɵлʏмʏ
Окуу залы 40-орундуктан турат. Китепкананын жалпы аянты 332,3 кв/м
Балдар бɵлʏмʏ №63 А Манас кɵчɵсʏндɵ жайгашкан. Балдар бɵлʏмʏндɵ жыл сайын “Балдарды коргоо кʏнʏндɵ” ар кандай иш-чаралар ɵткɵрʏлʏп турат
Жыл сайын акындар, жазуучулар, манасчылар, илимий ишмерлер, студентер , жазуучунун туугандары менен жолугушуу кечелери ɵтʏлʏп турат.
Окурмандарды китепканага тартуу максатында жʏргʏзʏлʏп жаткан иштер менен бирдикте Ж.Бɵкɵнбаевдин чыгармачылыгын пропагандалоого кɵңʏл бурулат.Ошону менен бирдикте конференциялар, китептин бет ачаарлары жолугушуу кечелери талкуулоолор, экологиялык, экономикалык, укук сабактары ɵткɵрʏлɵт . Окурмандардын суроо-талаптары фондду топтоодо дайыма эске алынат. Китепкананын негизги окурмандары болуп: К.У.У ,эл аралык университети, КРСУ, И.Арабаев атындагы КМУ студенттери жана №2, 70 , 13 , мектеп гимназиясынын окуучулары жана №98 лицейдин студенттери шаардын тургундары эсептелинет.
Азыркы мезгилде китеп фондусу 20154 нуска китеп, анын ичинен кыргыз тилинде 1514 нуска китеп бар.
Китепкана башчысы Фролова Марина Жматкалиевна
Дареги : Бишкек ш., Исанов кɵч №78