Библиотека № 13

№13  китепкана  Фрунзе  шаарынын  Октябрь  районунда   1969-жылы    11 623  нуска  китеп  менен  жалпы  калкты  тейлөө   үчүн  китепкана  болуп  негизделген. 

1979-жыл    шаардык  китепканалар  борболоштурулгандан  кийин,  Фрунзе  шаарына  караштуу  №13 филиал болуп  кирген.  1990-жылы Эл  депуттатарынын  аткаруу  комитетинин 20-сентябрындагы,    №556  чечими  менен  китепканага  улуу  манасчы  Сагынбай Орозбаковдун  наамы  берилген.  Китепкананын  жалпы аянты  261,9 кв. м.  түзүп, 40 орундуу  окуу залы,  абонемент  бөлүмү  жана  ошондой эле  китепкана  кызматкерлери  тарабынан  демилге  көтөрүлүп  ачылган 12 орундуу  «Манас»  залы  иштейт. Китеп  фондусунун  жалпы  саны  31007 нуска  китепти  түзүп, анын  ичинен  5203  китеп  кыргыз  тилинде.  Кыргыз  элинин  улуттук  сыймыгы  болгон «Манас»  эпосуна  байланыштуу  китептер   360 нуска  китепти  түзөт. 

1980-жылдан  тартып  китепкананы  Джанетова  М.Д. жетектеп, китепкана  көптөгөн  ийгиликтергежетишип  зор эмгектерди  жаратты.  Ошондой  эле  китепканага  С.Орозбаковдун  атынын  берилишине да  М. Джанетовнанын  эмгеги зор  деп  айтсак  жанылышпайбыз.  1998-жылы  шаардык китепканалар  арасында  өткөрүлгөн  сынакта  иштеринде көрсөткөн  артыкчылыгы  үчүн  китепкана  « Жылдын  мыкты  китепканасы» номинациясына  ээ  болуп,  30000сом акчалай  сыйлык  алышкан . Джанетова  М. 2009-жылы 70 жашында ардактуу  эс  алууга  чыккан.

    Азыркы  мезгилде  китепкана  башчысы  болуп  «Маданияттын  мыкты  кызматкери»  Абдыкеримова  Б.Д., окуу  залынын башчысы  Джумагулова  Н. Б.  абонемент  бөлүмүнүн  башчысы  Шыгаева З.Н., китепканачы  болуп  Мамбетова  Ж. жана Абдрахматова  М.К  эмгектенишет.  Китепкана  кызматкерлери  Борборлоштурулган китепкана  тармагында  уюштурулган  маданий-массалык  иштерге  активдүү  катышып  байгелүү  орундарга  ээ болушуп,  азыркы  мезгил  талабына  ылайык  иш  чараларды  алып  барып  турушат.

Окурмандарды  китепканага  тартуу  максатында жүргүзүлүп  жаткан  иштер  менен  бирдикте,  С.Орозбаковдун  чыгармачылыгына,  «Манас»  эпосун,  кыргыз  эпосторун  жайылтууга көбүрөөк  көңүл  бурулат. Белгилүү манасчылар, манастаануучулар  жана илимий ишмерлер, акындар,  жазуучулар  менен  жолугушуу  кечелери  өтүп  турат.

Ошону  менен  бирдикте  конференциялар, китептин  бет  ачаарлары, , талкуулоолор,  экологиялык,  экономикалык,  укук сабактары  өткөрүлөт.  Окурмандардын  суроо-талаптары  фондду  топтоодо  дайыма  эске  алынат. Китепкананын  негизги  окурмандары  болуп  К.Карасаев  атындагы  БМУ,  И. Арабаев  атындагы  КМУ, КРСУ, Ж. Баласагын атындагы КМУ  студенттери  жана  № 20, 64  мектеп  гимназиясынын  окуучулары  жана  шаардын  тургундары  болуп  эсептелинет.

Китепкана  Бишкек  шаарынын  7-кичирайонунда  жайгашкан. Бул  райондо  студенттик  жатаканалар  көп жайгашкандыктан, окурмандардын  санын  студенттер  түзөт. 

    Китепкана башчысы                                            Абдыкеримова Бекзия  Догдурбаевна .