Заголовок страницы

Congue iure curabitur incididunt consequat

"Жеңиштин 77 - жазы " аталышындагы эскерүү сааты өткөрүлдү.

Бишкек шаардык #22 китепканада

"Жеңиштин 77 - жазы " аталышындагы эскерүү сааты өткөрүлдү. Бул эскерүү саатында Кыргызстандык жоокерлердин Улуу Ата Мекендик согушта Мекенди коргоодо баатырдык менен эрдиктерди көрсөтүшүп, тарыхта аттары алтын тамгалар менен жазылып калгандыгы айтылып, китепканачылар баяндама жасашып, окуучулар көркөм окушту.

Ошондой эле Советтер Союзунун баатыры Чолпонбай Түлөбердиевдин 100 жылдыгына карата уюштурулган

"Эрдиги элдин эсинде" китеп көргөзмөсүнөн баатырдын өмүр баяны, эрдиги менен тааныштырылып китеп көргөзмөсүндөгү маалыматтар окулду.

#77 жалпы орто билим берүү мектебинин 6-7-классынын окуучулары катышышып, жоокер акындар:Түгөлбай Байзаковдун, Сооронбай Жусуевдин, Сүйүнбай Эралиевдин Жеңишке , жоокерлерге арналган ырларын, жазуучу Касымалы Жантөшевдин "Чолпонбай" аңгемесин көркөм окушту жана чоң аталары жөнүндө айтып беришти.

Бизде достук, кан тер менен бекилип,

Үзүм нанды жедик дайым тең бөлүп.

Эрдиктер да жатты тынбай жетилип,

ЧОЛПОНБАЙГА,Матросовко тебелеп.- Сүйүнбай Эралиев.

Балдарыбыз согуш үнүн укпасын,

Жалын кечип уулуу түтүн жутпасын.

Бейпил күндө татып өмүр даамын,

Бейпил түндө жай мемиреп уктасын!- Сооронбай Жусуев.

 

Похожие статьи