Заголовок страницы

Congue iure curabitur incididunt consequat

Манас таануу

Бүгүн Бишкек шаарынын Төлөгөн Касымбеков атындагы борбордук китепканасында Кыргыз Республикасынын “Манас” эпосу жөнүндөгү мыйзамына жана КР Президентинин “ Кыргыз элинин баа жеткис руханий мурасы - “Манас” эпосунун үчилтигин ар тараптан изилдөө жана популярдаштыруу боюнча кошумча чаралар жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында, ошондой эле алп манасчы Саякбай Каралаевдин 130 жылдык мааракесине арналган “Манас таануу” интеллектуалдык таймашы ийгиликтүү өттү. Бул иш чарага Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин жана Ишенаалы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин студенттери жана манасчылар дүйнөсүнө кызыккан окурмандар активдүү катышып, өз билимдерин айкындашты.
Иш чараны Бишкек шаардык борборлоштурулган китепканалар тармагынын директору, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Күлсайра Дандыбаева кириш сөз менен ачып, интеллектуалдык таймаштын максаты тууралуу азын оолак баяндап берди.
Таймаштын максаты-кыргыз элинин мурасын, “Манас” эпосунун улуулугун жана Саякбай Каралаевдин салымын урпактарга жеткирүү, ошондой эле жаштардын интеллектуалдык деңгээлин өнүктүрүү болду.
Интеллектуалдык таймашка Бишкек мэриясынын маданият башкармасынын начальнигинин орун басары Абсамат Акунов, заманыбыздын залкар манасчысы, КР эл артисти Назаркул Сейдракманов, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, филология илимдеринин доктору, белгилүү манасчы Талантаалы Бакчиев, манасчы Асанаалы Калил уулу калыстык кылышты.
Интеллектуалдык таймашты Улуттук “Манас” театрынын артисти, манасчы Төлөбек Муса уулу алып барды.
Интеллектуалдык таймаштын жүрүшүндө катышуучулар “Манас” эпосу тууралуу суроолорго жооп беришип, кызыктуу пикир алмашуулар болду. Таймаштын катышуучулары кечени саламдашуу менен башташып, атактуу манасчы Саякбай Каралаевдин варианты боюнча он суроого жооп беришти. Ал эми “ Сыр куржун” бөлүмүндө ар бир топ экиден макал, экиден көөнө сөздөрдү ырааты менен айтышты.

Таймаштын жыйынтыгы боюнча 175 упай топтогон КУУнун “Аалам” тобу байгелүү биринчи орунду ээледи. Ал эми КМУнун “Төлгө” тобу 172 упай топтоду. Мелдештин жеңүүчүлөрүнө Ардак грамоталар жана баалуу байгелер тапшырылды.

БШБКТнын басма сөз кызматы

Похожие статьи