Бишкек шаарынын №16 китепканасына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Бекешев Дастандын @dastan_bekeshev демилгеси менен 6 даана ноутбук тапшырылды. Бул чоң жаңылык болуп, жергиликтүү китепканага жана анын окурмандарына жакшы жардам берет. Ошондой эле жакында улгайган адамдар үчүн IT курстары өтүлмөкчү.
Ноутбуктар билим алуу үчүн зарыл болгон заманбап технологияларды колдонууга мүмкүнчүлүк түзүп, китепкананын ишин жакшыртууга жардам берет.
Жолугушуунун жүрүшүндө Бишкек шаарынын борборлоштурулган китепканалар тармагынын директору Дандыбаева Күлсайра менен Жогорку Кеңештин депутаты маанилүү маселелер боюнча маектешишип, “Тунгуч”кичирайонунда жайгашкан №27 китепкананы эмеректер менен камсыздоо демилгеси көтөрүлдү.
Ушундай демилгелер билим берүү тармагын өркүндөтүү жана көпчүлүк адамдарга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү сунуштоо үчүн маанилүү. Келечекте дагы көптөгөн жамааттык долбоорлор жана жардамдар бизди күтүп тургандай✨
✍️ БШБКТнын басма сөз кызматы.
