Заголовок страницы

Congue iure curabitur incididunt consequat

Бишкек шаардык Борбордук китепканасында "Улуу жолдун башталышына - 70 жыл" аттуу адабий кече болуп өттү

Бишкек шаардык Борбордук китепканасында "Улуу жолдун башталышына - 70 жыл" аттуу адабий кече болуп өттү. Ал заманыбыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун алгачкы адабий чыгармасы - "Гезитчи Дзюйо" аңгемесинин жарык көргөнүнүн 70 жыл толушуна арналды.
Иш чараны Бишкек шаардык борборлоштурулган китепкана тармагынын директору, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер К.ДЖ. Дандыбаева ачып, залкар жазуучунун чыгармачылыгынын башталышындагы урунттуу учурларга токтолуп өттү. Алгачкы болуп сөз алган Чыңгыз аганын карындашы, коомдук ишмер Роза Айтматова катаал кезеңдин учурунда Таластын Жийде айылында апасынын чиедей балдары менен кантип күн кечиргендигине кенен-кесири токтолду. Жазуучу, драматург, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Абибила Пазылов, айтматовтаануучу, жазуучу Папан Дүйшөнбаев, котормочу Асан Акматов алп жазуучунун чыгармаларынын түбөлүктүүлүгүнүн сырларын жана Ч. Айтматовго арналган жазылмаларынын жазылышынын тарыхын баяндап беришти.
Адабий кече көңүлдүү музыка кайрыктары менен коштолду. Чыңгыз Айтматовдун сөзүнө жазылган композитор Муратбек Бегалиевдин "Ысык-Көлдү сагынуу" аттуу ырын китепкана кызматкери Нуржахан Асылбашева жогорку чеберчиликте аткарып берди. Белгилүү обончу Сыймык Бейшекеев жазуучунун каармандарына арналган ырларын, обончу жана аткаруучу Жайлообек Жумагулов өзүнүн обондуу ырларын көрүүчүлөргө тартуулашты. Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин студенттери аткарышкан "Айтматовдун ааламы" аталышындагы театралдык оюн-шоок көрсөтүлүп, андан соң Кыргыз Улуттук университетинин кесиптик колледжинин студенттери тарабынан уюштурулган сценкага көрүүчүлөр ыраазы болушту. Ошондой эле көрүүчүлөргө викторина уюштурулуп, жеңүүчүлөргө белектер, сыйлыктар берилди.

Похожие статьи