Заголовок страницы

Congue iure curabitur incididunt consequat

15-январь — КР Баатыры, Кыргыз эл жазуучусу Төлөгөн Касымбековдун туулган күнү

Бишкек шаарынын Төлөгөн Касымбеков атындагы борбордук китепканасында залкар жазуучунун туулган күнүнө арналган адабий эскерүү кечеси өткөрүлдү.
Залкар жазуучунун өмүрү жана чыгармачылыгы боюнча видеофильм көрсөтүлгөндөн кийин Бишкек шаардык борборлоштурулган китепканалар тармагынын директору, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Күлсайра Дандыбаева кечени кириш сөз менен ачып, отургандарга кеченин меймандары менен тааныштырды. Кыргыз эл акындары Тынчтыкбек Нурманбетов, Жедигер Саалаев, Кожогелди Култегин, Алыкул Осмоновдун Бишкек шаардык үй-музейинин директору Замирбек Асаналиев, филология илимдеринин кандидаты, адабиятчы Бакытжан Мырзатаева, жазуучунун уулу Расул Касымбеков чыгып сүйлөшүп, залкар жазуучунун улуттук адабияттагы бараандуу ордун баса белгилешип, аны менен жолугушкан учурларын айтып беришти.
Кеченин жүрүшүндө Мураталы Күрөңкеев атындагы Улуттук музыкалык окуу жайынын жаш өнөрпоздору өз өнөрлөрүн тартуулашты.

АЛДЫҢКЫЛАР АНЫКТАЛДЫ
Маданий кеченин экинчи бөлүгү китепкана кызматкерлерин сыйлоого арналды. Жыл башынан бери Бишкек шаарынын төрт районунда жайгашкан китепканалар учурдун актуалдуу темалары боюнча өз ара мелдеш уюштурушкан. Алардын өнөрлөрүнө тыштан бекитилген калыстар тобу баа беришип, Баш байге Ленин районунда жайгашкан китепканалардын китепканачыларына ыйгарылды. Биринчи орунга Свердлов районундагы китепканалар татыктуу болушту.

✍️ БШБКТнын басма сөз кызматы.

Похожие статьи