Библиотека № 27

   №27 китепкана1999-жылдын сентябрь айында №11-филиалдын китеп берүү пункту катары ачылган. 2007-жылдын январь айынан бери филиал катары окурмандарды тейлеп келет. Бишкек шаарынын Тунгуч кичирайонунда жайгашкан. Китепкананын кызматынан Тунгуч кичирайонунун, Рухий-Мурас, Алтын-Ордо, Кара-Жыгач 1,2, Учкун конуштарынын жашоочулары, №73 орто мектептин окуучулары, жогорку окуу жайларынын студенттери жана жогоруда аталган аймактарда жашаган калк, пенсионерлер. Окурмандардын арасында мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарыбыз (Чернобыль авариясынын катышуучусу, ден соолугу боюнча) да бар.

Китепкана аймактагы бирден-бир социалдык-маданий мекеме болуп эсептелет.

Бүгүнкү күндө китепкананын фондунда  15026 даана китеп бар, анын 2154 даанасы кыргыз тилинде. Китепкананын фондунун 70% га жакынын орус тилиндеги көркөм адабий китептер түзөт. Мындан тышкары кыргыз, орус тилдеринде илимий-популярдуу китептер бар.

2000-жылдын август айынан баштап Таирова Г. Башкы китепканчы, 2007-жылдын январь айынан китепкананын башчысы болуп иштеп келген.

2009-жылдын декабрь айынан 2010-жылдын июнь айына чейин Осмонкулова М. китепкананын башчысы болуп иштеген.

2010-жылдын декабрь айынан 2011-жылдын июль айына чейин Жумалиева Г. Китепкананын башчысы болуп иштеген.

2011-жылдын август айынан баштап китепкананын башчысы болуп Уметова М.Ж. иштеп келе жатат.