Библиотека № 26

Китепкана  2006-жылы  Ак-Тилек  жаны конушунда  айыл  өкмөтүнүн  имараты  менен бирдикте  курулган. Китепкана  жаны  конуштун   Чалдовар көчөсундө  №2  адресинде жайгашкан. Эрежеге  ылайык  үч  бөлмөдөн  турат:

1). Окуу  залы

2).  Китеп  берүү  бөлүмү

3).  Китеп  сактоо  бөлүмү.

Китепкана  жаны  конуштагы  мекеме  ишканалар  менен  бирдикте  иш  алып  барат.  Окурмандардын  саны  жыл  өткөн  сайын  көбөйүүдө. Карамагында  № 46-орто  мектеби  жайгашкан. Мектептин  окуучулары  китепкананын  сүйүктүү  окурмандары. Китепканадагы  маданий  иш-чараларды  өтүүдө  мектеп  окуучулары,  айыл  өкмөтү,  кварталдык  комитеттер    жана  мекеме  уюмдар  колдоо  көрсөтүп  турушат. Китепкананын  фонду  8563  анын  5259  орус  тилинде,   3268  кыргыз  тилинде  жана  36  башка  тилдеги  китептер. Китепканада  эки  китепканачы  иштейт.                                                                                                                                                                        

Азыркы убакта китепкана башчысы Алакунова Жыпар Үмөтовна

Дареги ж/к Ак-Тилек  Чалдовар көч.