Библиотека № 24

Биздин китепкана 2006- жылы «Келечек» жаңы конуштагы жергиликтүү элдин кайрылуусун негизинде түзүлгөн. Жаңы иш башталганда конуштагы инфраструктураны жакшыртуу максатында – мектеп, амбулатория курулган, ошондой эле китепканага имарат көйгөйү чечилип, атайын бөлүмдөр ыйгарылган. Ошонун негизинде мэрия тарабынан 2006- жылы 27- сентябрда « Келечек» конушундагы  «Дарылоо амбулаториясы жана китепкана кабинеттери» курулуп бүткөн объектисин пайдаланууга кабыл алуу боюнча мамлекеттик кабыл алуучу комиссиянын чечимин бекитүү жөнүндө № 695 токтом кабыл алынган. Токтомдун негизинде Бишкек шаардык Маданият башкармасына сунуш киргизилген – курулуп бүткөн объектисинде жайгашкан китепкананын кабинеттерин пайдаланууга кабыл алсын деп. Бишкек шаардык Маданият башкармалыгынын жетекчиси Кайыповдун Ж.К.багыты менен, ошондой эле Бишкек шаардык китепканалар тармагынын демөөрчүлүгү жана чоң жардамы менен жаңы конушта - №24 китепкана ачылган. Китепкана бүгүнкү күндө поликлиниканын имаратынын тескей жагында жайланышып, 3 бөлмөнү ээлейт. Ал бөлмөлөрдө окуу залы, абонемент бөлүмдөрү жайгашкан.

Бирок китепкананын иши имарат менен эле бүтө турган эмес экенин баары билет эмеспи: эмерек, китеп коючу стелаждар керек, эң негизигиси каражаттар менен камсыздоо маселесин, кадр маселесин жана башка маселелерди чечиш керек эле. Бара жатып коюлган көйгөйлөр чечилгенден кийин, китеп фондун түзүш керек эле. Мындай иш-чаралар, албетте, оңойго турган жок, бирок кыйынчылыктарга карабастан коюлган маселелер бат эле чечилди. Биринчиден Бишкек шаардык китепканалар тармагынын жардамы менен камсыз болгондон кийин, алгачкы жардам катары жаңы китепканага 3.623 китеп берилген. Дагы эле Бишкек шаардык китепканалар тармагынын көзөмөлү менен шаардагы ар түрдүү жакта жайгашкан китепканалар, өзүлөрүнүн фондунан китептерди беришкен

Жыл сайын мэрия тарабынан «Мыкты китепкана» деген конкурс жарыяланат. Бишкек шаардык китепканалар тармагы бул багытта ар түрдүү иштерди өткөзөт 2010- жыл жемиштүү болуп №24 китепкана сынактан биринчиликти алып – 50.000 сом каражат менен сыйланган, ал каражатка копьютердик техника менен камсыз болгон. Китепканада ар дайым түрлүү иш-чаралар өтүп турат, мектеп окуучулары жана ар кесиптин ээлери активдуу катышып өз пикирлерин айтып турушат. Өткөн 2013 жылы биздин китепканачы Гиллмулина А. « Мыкты китепканачы» сынагында биринчи орунду ээлеп алды.

 

Жыл сайын Бишкек шаардык китепканалар тармагынын багыты менен иштейбиз. Коомдо болгон актуалдуу көйгөйлөрдү иш-чараларыбызда чагылдырабыз.  Жергиликтүү жааматтын муктаждыгына көңүл буруу биздин максат, коомдогу болуп жаткан жаңылыктарды туура, ыкчам жеткизгенге ар дайым даярбыз. Өзүбүздүн ишибизди жакшы деңгелге көтөрүүгө  аракеттенип, астыбызга коюлган маданият, тарбия, агартуу маселелерди чечкенге дайым ынтызаарбыз. Ошондой эле ар дайым фонду толуктоо жана библиографиялык иш-чараларды жакшы маанайда өткөзгөнгө жана тейлөөнүн жаңы формаларын киргизгенге аракеттенебиз.

Азыркы күндө китепкана өзүнүн окурманын тапты. Китепкана элге ыңгайлуу жерде жайланышкан, жаныбызда шаардык №87 орто мектеп, поликлиника бар, конуш тургундарын тейлеп келет.

Китеп фондусу 10561  анын ичинен кыргызча китептер – 3175 нуска.

Китепкана башчысы Гиллмулина Асыл Баатырбековна