Библиотека № 11

№11  китепкана 1966-жылы Фрунзе шаарынын Октябрь районунда  3164 нуска китеп фондусу менен ачылган. Китепкананын башчысы болуп Гребенкина Т.Н.  иштеген.  1979-жылы  шаардык китепканалар борборлоштурулуп, китепкана Көк-Жар кичи микрорайонунда жайгашкан №2-үйдун  имаратына 57373 китеп фондусу менен көчүрүлүп келген. 1989-жылы китепкананы Казанцева Л.И. башчылыка алган.

    Азыркы күндө китепкананын китеп фонду 28904нуска,  анын ичинен 5844кыргызча. Китепкананын тейлөө аймагына Көк-Жар кичи району, Улан кичи району, Көк-Жар  жаңы конушу    кирет. Андан тышкары китепкананын Чокморов  көчөсүндө жайгашкан китеп берүүчү пункту бар.  Бул аймактарда №138, №9 бала-бакчалар,   №88,№26 орто мектептер,    колледждер, “Эрудит” жаштар клубокуу жайлардын жатаканалары,    орто кесиптик окуу жайлары жана ар кандай   иш мекемелери жайгашкан.

Китепкана алар менен тыгыз байланышта  иштеп ар кандай маданий иш-чараларды өткөрүп турат.  Окурмандарды китепканага тартуу максатында  ар квартал сайын  «ачык эшик» күндөрү өткөрүлүп  ага жергиликтүү жарандар жана окуучулар чакырылып, китепканага саякат жасоокитеп фондусу жөнүндө кыскача баяндама өткөрүлүп турат.Бүгүнкү күндө китепканада  үйгө китеп берүү болүмү, окуу залы, балдар бөлүмү бар.

 

Китепкана  башчысы      Мускаева Жаңылсын Жумаковна.