Заголовок страницы

Congue iure curabitur incididunt consequat

"Эмне үчүн китеп окушум керек?" деген аталышта семинар-тренинг болуп өттү

Бишкек шаардык борбордук китепканасынын "Мекен таануу" бөлүмүндө "Эмне үчүн китеп окушум керек?" деген аталышта семинар-тренинг болуп өттү. Бишкек шаарындагы "Анадолу" кыргыз-түрк кесиптик кыздар лицейинин окуучулары китепканачыларда мейманда болушту.
Иш чараны Бишкек шаардык борборлоштурулган китепкана тармагынын директору Күлсайра ДЖоошбаевна Дандыбаева кириш сөз менен ачып, шаардык китепканалардын тарыхы жана жүргүзүп жаткан иштери тууралуу кеңири баяндап берди.
Маданий иш чаранын жүрүшүндө китеп окуунун окурманга тийгизген пайдалуу таасирлери, китеп окууга болгон тоскоолдуктар, окуу үчүн убакыттын бөлүнүшү жөнүндө сөз болду. Китепкана кызматкерлери окуучуларды кызыктырган суроолорго ынанымдуу жооп беришти.
Семинар-тренингдин акырында "Анадолу" кесиптик кыздар лицейинин китепкана башчысы Кенжебек кызы Зейнура иш чаранын жогорку деңгээлде өткөнүн белгилеп, өзүнүн жана окуучулардын атынан ыраазычылыгын билдирди.

Похожие статьи