№ 29 китепкана

Борборлоштурулган   китепкана  тармагынын  «Кɵлмɵ»  конушундагы   № 29  китепканасы 2008   жылы  6-июнда  ачылган.   «Кɵлмɵ»   конушунда   он  миңден   ашуун  эл   жана  үч  миңден   ашуун   мектеп    окуучулары  бар   болгону   менен   маданий   мекеме   жок   болчу.   Ушул   кɵйгɵй    эске    алынып,  №  14  ТОСтун    чечими   менен   конуштун   убактылууу      пайдаланылуучу  жыгач   уйу   китепканага   бекитилип   берилген.    Китепканага    тиешелүү   буюмдары   менен   эки    китепканачынын    маянасын    Бишкек   шаардык      Маданият   башкармалыгы    чечип   берген.

Натыйжада,  китепкана    ошондон   бери   бир   канча   окурман   топтоого   жетишти   жана  иш    жүзүндɵ  конуш   жашоочулары   үчүн   маданий   жай   керек   экендигин   далилдей    алды.

Алгач   китепкана   ачылганда   фонд  5200  китеп   болсо,  акырындык   менен   азыркы   күндɵ   фонд  8271 китепке   толукталды.      Алгачкы    жылы   китепкананы   пропогандалоо   максатында,   конушта   жайгашкан  № 14  МАБ,  ҮБ.Д   тобу,   № 78   мектеп    жана   башкалар   менен   тыгыз   байланышта   иштɵɵгɵ   туура   келди.   Китепкананын   окуу   залы   тар   болгондугуна    байланыштуу    чакан   аудитория   менен   кɵптɵгɵн   иш-чаралар  ɵткɵрүлүүдɵ.   Ошону   менен   бирге   №  78  орто  мектеп   жана   № 14  МАБ  менен  да  тыгыз  байланышып  алардын   жыйын   залдарында   да  бир   канча   иш-чаралар   ɵткɵрүлүп   турат.

2012  жылы   Китепканачылар   күнүнɵ   карата   ɵткɵрүлгɵн   «Жылдын   мыкты   китепканачысы»  конкурсунда    «Кɵлмɵ»  конушундагы                                                           № 29 китепкананын  китепкана  башчысы   Ахмедова  Кыял   Жумалиевна    ɵзүнүн    жогорку   деңгээлдеги   даярдыгы,  кесибине   болгон   кызыгуусу  менен   башкалардан   айырмаланып,   натыйжада,   баш   байгеге  ээ   болгон.

Учурда   китепканада   конуштагы   китеп   окурмандарынын  талаптарын   орундатуу,   жаш   муундардын   китепке   болгон   кызыгууларын   ойготуу   үчүн   иштер    жүргүзүлɵ    бермекчи.  Ɵкмɵттүк   программалар   боюнча    түзүлгɵн    дагы    бир    канча   иш-чараларды   ɵткɵрүү   келечектин   иши.