Жусуп Турусбеков атындагы №2 шаардык китепкана

 

Жусуп Турусбеков атындагы  №2 шаардык  китепкана  1939-жылы шаардык балдар китепканасынын базасында ачылган.

1949-жылга чейин  Ю.Фучик паркындагы  клубда жайланышкан.

Жыл өткөн сайын китепкананын фонду жаңы басмалар менен толукталып, окурмандардын саны көбөйгөн.1959-жылы   Киев –Б.Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишинен атайын китепкананын  имараты курулган. Жаңы имаратка  кирүү менен окурмандар жана китепканачылар үчүн ынгайлуу шарттар түзүлүп, китепкананын иши жакшыртыла баштаган. Китепкана 1959-жылы жаңы имаратка көчүрүлүп келинген. Фрунзе шаардык депутаттар кеңешинин 1961-жылы 10-январдагы чечими менен жана кыргыз драматургиясынын баштоочусу, патриот акын Жусуп Турусбековдун 50-жылдык маарекесине байланыштуу акындын ысымы китепканага ыйгарылган.

Китепкананын тейлөө микрозонасы  Бейшеналиева-Чүй-Жаш.Гвардия-Киев-Токтогул-Москва  көчөлөрү менен чектелген.                                                                           

Китепкананын микрозонасындагы мектептер: №8,№31,УВК№9

Чоң окуу жайлары: КНУ,КГЮА,КГУ,БФЭТ,ИСИТО

 

Биринчи китепкана башчысы Эрке Исаева жетектеген, көп жылга сакталуучу мезгилдүү  басма сөз бөлүмүн ачкан. 1965-жылы  китепкана 42 көчмө китепкана жана 2-китеп берүү бөлүмчөлөрүн, ошондой эле  4-үйдөн тейлөө китепканасын тейлеген. 1961-ж.-1983-жылга чейин китепкана башчысы Эрке Исаева эмгектенген.

1979-жылы китепканаларды борборлоштуруудан кийин 18-китепкананы бириктирген Борборлоштурулган китепкана тармагы түзүлүп, №2 китепкана болуп аталган.                          Китепканада балдар бөлүмү, пенсионерлерге үйүнөн тейлөө бөлүмдөрү иштеген. Китепканада капиталдык ремонт иштери аткарылып турган. 1983-1991жылга чейин китепкана башчысы Аманалиева Калиман Аманалиевна эмгектенген.

1991-2009жылга чейин китепкана башчысы Джапарова Акация Обоскуловна эмгектенген.

 

 Ушул мезгилге чейин китепканада  эмгектенген китепканачылар:.

1.Боталиева Айнагүл-окуу залынын башчысы

2.Ли Алла Афанасеевна-үйгө алуу бөлүмүнүн башчысы

3.Илипбаева Рая Илипбаевна-китепканачы

4.Бейшеева Гулмира –библиограф

5.Буржуева Бакыт-китепканачы

6.Күрүчбекова Марина-китепканачы

7.Адылова Клара-китепканачы

 

1990-жылдардагы өткөөл мезгилде китепканада акы төлөө кызматы, күрөө системасы киргизилип, окурмандардан өз ыктыяры менен китептерди чогултуу иштери жүргүзүлгөн.

2001-жылы  шаардык китепканалар арасында өткөн сынакта 1-орундагы “Мыкты китепкана”  наамына татыктуу болгон.

 

 2009-жылдан баштап китепкана башчысы болуп Адылова  Клара  Эсенкуловна  иштейт.

 

2018-жылдан баштап китепкана башчысы болуп  Кадырбаева Анара Курманбековна  иштейт.

Китепканада азыркы учурдагы эмгектенген китепканачылар:

1. Китепкана башчысы  Кыдырбаева З.К

2.Абдыкеримова Б

3. Омукеева А.

4. Утукеева К

5. Дуйшенова Ш.

 

Китепкана фондусу -54279 анын ичинен кыргызча-8322

          

Биздин дарек:Бишкек шаары

Бейшеналиева көчөсү №31.тел:64-50-63